Тажикстан Афганистандагы "Талибандан" кооптонуп качып келген 345 этникалык кыргызды мал-жаны менен баарын кайра артка кайтарып жиберди. Бул жөнүндө жекшембиде кечинде Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди. "17-18-июлда 345 этникалык кыргыз - Афганистан Ислам Республикасынын Бадахшан провинциясындагы Вахон уездинин Андемин айылынын жашоочулары төрт миң баш малы жана унаа каражаттары менен өздөрүнүн туруктуу жашаган ордуна, АИР Бадахшан провинциясынын Вахон уездине…