Ушул күндөрү Тажикстандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздар Ош шаарындагы эски гараждарда жашап жатышат. Алардын алды мындан 14 жыл мурун келишкен. Шаарда 40 жыл мурун курулуп, азыр колдонулбай калган гараждарда 5 үй-бүлө күн кечирүүдө. Ош шаардык мэриясы бул этникалык кыргыздарга шаар аймагынан жер берүү маселеси чечилгенин айтууда. Алгач Мургабдан келген кыргыздардын астынан сыз, үстүнөн тамчы өткөн гаражда жашап жатышканын…