Этникалык кыргыздар

Васильевка айылы:  урушпай эле жашасак...(видео)

Васильевка айылы: урушпай эле жашасак...(видео)

Өткөн жумада Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында жергиликтүү жана көчүп келген кыргыздардын ортосунда чыр-чатак болгон. Бул окуя боюнча айыл тургундарынын ой-пикирлерин угуп келдик. //

Этникалык кыргыздарга акысыз жер тилкелери берилет

Этникалык кыргыздарга акысыз жер тилкелери берилет

Депутаттар тарабынан этникалык кыргыздарды паспорт алууда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу зарылчылыгы белгиленет. Мындай сунуш көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн жагымдуу шарттардын бири болот. Ушул жана башка этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелер жана мыйзамдар туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кеңири маек курду. -Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздар паспорт алганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Зарылчылыгы эмнеде?…

Элимдин көрөңгөсү: Кабулдагы "өз киши"

Элимдин көрөңгөсү: Кабулдагы "өз киши"

Ооганстандын президенти Ашраф Гани (ортодо) биринчи вице-президент Aбдул Рашид Достум (солдо) жана экинчи вице-президент Сарвар Даниш менен ант берүү маалында, Kабул, 29-сентябрь, 2014-жыл Ооганстандын түндүк аймагындагы түрк тилдүү элдердин жол башчысы саналган генерал Абдул Рашид Достумдун вице-президент болушун куттуктап, ооган кыргыздары үстүнө барышты. Байкоочулар ооган жергесинде кыргыздар өзбек жердештери менен жылуу мамиледе экендигин айтышууда. Жаңы түзүлгөн ооган өкмөтүндө…

Генерал Достум памирлик кыргыздардын маселесин чечүүгө убада берди

Генерал Достум памирлик кыргыздардын маселесин чечүүгө убада берди

Афганистандагы “Айна” телеканалынын кабарлашынча, Афганистандын биринчи вице-президенти, генерал Абдурашид Достум памирлик кыргыздарды кабыл алып, социалдык маселелерин чечүүгө убада кылды. Афган өкүлү жакында Түндүк Бадахшан провинциясындагы бийик тоолуу аймакта жашаган кыргыздардын аксакалдарын кабыл алган. Телеканал көрсөткөн кадрлардан кыргыздардын генералдын кабылдамасында олтурганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада кыргыздарды жетектеп келген Абдурасул ажы деген киши вице-президенке ак калпак кийигизип, чапан…

Тоо үстүндөгү шаар  (видео)

Тоо үстүндөгү шаар (видео)

...Мындан эки жыл мурун Анкаранын четиндеги Чубук деген районго Ван аймагынан 50 дөй кыргыз үй - бүлөсү көчүп келген экен. Алар менен таанышып, жашоо шартын билүү үчүн атайын даярданып алып жолго чыктык. Түрк телерадиосу ТРТнын «Түркия үнү» радиосунун кыргызча бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Асанбаевдын жетектөөсүнүн алдында ТРТнын оператору, режиссеру жана ЭлТРдин кабарчысы Жумамидин, Нурсултан, КТРК дан Мунара, мен болуп шаар…

Уз өнөрүн унутпаган кыргыз айымдары (видео)

Уз өнөрүн унутпаган кыргыз айымдары (видео)

Анкаранын Чубук районундагы бир ууч кыргыздын үйлөрүндө салт-санаа, үрп-адат,уз-чеберчилик унутулбай сакталып келе жатат. Кылымдарды кырчып келген,Кылыч болуп курчуп келген. Бирде албуут дайра болуп, Бирде үптөй тынчып келген. Түгөнгөн сайын түтөгөн, Жок болгон сайын күчөгөн, кыргыз эл тарыхына кылчайып карай турган болсок, элдин башынан эмнелер гана өтпөгөн. Бүгүн биз 1978-жылы Афганистандагы Памир кыргыздарынан бөлүнүп, Рахманкул ханды ээрчип Пакистанга караштуу…

Страница 87 из 126