Ар бир кишинин жашоосунда ар кандай окуялар, жаңы баскычтар, жашоосун жаңылаган, же жаңы багыт алган учурлары бар. Мындай өзгөрүүлөрдү кабыл алып, жана ошол баскычты басып өтүү учурларын социалдык илимдерде, тагыраак айтканда антропологияда «өтмөк ритуалдары» деп атап коюшат. Мисалы, бала жаңы төрөлгөндө бешикке салуу, кырктыгын чыгаруу, тушоосун кесүү сыяктуу ритуалдар баланын жашоосунда жаңылануу, жаңы башталгыч, жаңы кадам катары кабыл алынат. …