Сары-колдун түрдүү тамак-аштары

Сары-колдун  түрдүү тамак-аштары

Мерген бижи:

Кийиктин ич майы менен боорун туурап алып. жоон ичегиге куюп бышырган тамак. Памирдик кыргыздарда «мерген» деген сөзгө байланыштуу «пас мерген (адамкерчилиги төмөн), чала мерген, мерген башы' (мергенчиликке башчылык кылган адам), бижиге байланыштуу «куйган бижидей тысырап» ( бет түзүлүшү чын, маанисинде), жарылган бижидей (былжырак маанисинде) деген татаал сөздөр, идиомалар кездешет.

 

Нарин:

Бул тамак жалпы эле кыргыздарга тиешелүү. Түндүк кыргыздарда нарын кийинчерээк беш бармак деп аталып калган. Памирдик кыргыздарда нарындын мурунку (эскиче) жасалышы сакталып келген. Кийиктин бышкан этин туурап, ага шорпо менен нанды аралаштырып жасаган. Нарынга байланыштуу «Өзун кылган нарин, иче-иче жарыл» деген макал кезигет.

 

SK tamak (1) SK tamak (2) SK tamak (3)

 

Гөш толто:

Майга унду, тууралган этти кошуп кайнатып бышырган тамак. Бул тамак жөнөкөй чөбөгөгө караганда даамдуу келип, курсакты тез ачырбаган. Көбүнчө сууктан орууган тамакты «дагдоо» (ысыктоо деген мааниде) үчүн жасап жешкен. "Гөш" деген сөзгө байланыштуу порчо гөш (кара эт), Ала гөш (орто семиз маанисинде), чуйгун гөш (тандалган семиз эт маанисинде), гөшкө карав (аткан кийигинин этинен элге аз берген мергенчини айтат) деген татаал сөздөр орун алган.

 

Жоолу бөйрөк:

Камырдын ичине эт салып, аны оттун коруна көөмүп бышырган тамак. Жоолу деген сөзгө байланыштуу жоолу ичеги (майлуу ичеги), жоолубөйрөк, үч бөйрөк (бычылган . тэкэ) жоолуу боорсок, жоолув (эт-майы кенен үй буле) деген татаал сөздөр жолугат.

 

Көк тал бижи:

Көк боорду ушалап, ичиндеги этин майдалап салып, бошогон кабыкчага ич майды туурап салып, анан казанга же оттун күлүнө көөмп бышырган тамак. Көкталга байланыштуу "көк талын үзө кой", "көктал" (тил албас) деген идиомалар бар.

 

SK tamak (4) SK tamak (5) SK tamak (6)

 

Kөгөн шорпо:

Илгери өтө кыйын ачарчылыкта козу байланган көгөндүн бурчагын сууга кайнатып, сасык даанадан кошуп ичкен нерсе. Көгөнгө байланыштуу "көгөн бөөрү" (дайыма көгөнгө байланган козуларды жеп кетүүчү бөрү), "көгөн-көгөн" кой, козуну ж.б. көгөн жакка тосуу, "көгөн башы" көгөндүн бурчагына байланыштуу "пырчак учурду" (карыган төө манисинде) деген татаал сөздөр жана идиомалар орун алган.

 

Май толто:

Койдун майына унду кошуп кайнатып. тузун бир аз татытып жасаган тамак. Майга карата "май томор, сызгырган май", чарвы май (ич май). Толтого карата: "көл толто" (майсыз чөбөгө), ун толто (ун кошкон чөбөгө). пат толто (майсыз, тузсуз чөбөгө) деген татаал сөздөр кезигет.

 

Кара шорпо:

Сууга бир аз май кошуп бирин-экин "туймөч" (тууралган эт) салып жасалган тамак. Шорпого байланыштуу эткел шорпо, сызык шорпо, митэн шорпо (тузсуз шорпо) деген татаал сөздөр бар.

 

SK tamak (7) SK tamak (8) SK tamak

 

 

Мындан башка каттаманын кээ бир түрлөрү да кездешет.


Мисалы:

- Казан каттама (казанга бышырылган нандын түрү),
-буу каттама (суунун буусуна бышырылган),
-көмөч казан каттама (нан салуучу кастрюль сыяктуу жапыз идишке бышырылган) деген түрлөрү кездешет.

 

Памирдик кыргыздарда жана жалпы эле түштүк кыргыздарда жасалуучу аштын кээ бир түрлөрү да бар:

-Жэйгэн аш же кескен аш.
-митэн аш (тузсуз аш),
-курут куйган аш,
-үзүп салма аш (камырды чоң-чоң үзүп салат)
-"тундурма" ундун өзүнө сууга кайнатып, тундуруп, түбүн (маңызын) ооруган адамга берген. Тундурмага туз салынган эмес. Мындай каттамага, ашка казанга байланыштуу макалдар, табышмактар, сөздөр, аталыштар көп.

 

Мысалы: "Көмөчтүн көкжал бөрүсү. аталанын апаты", "көмөч көөмп нан бербейт, көрсөтүп туруп тэң бербейт"

 

Каравай аттан жыгылды
Калкы журту жыйылды

                        (табышмак)

(Каравай-казан, ат-тулга, калкы-идиш аяк)

 

-"Дунгул казан" (тоголок казан), кэттэ казан (чоң кара казан).

 

Кийинчерээк хамыр палов этти туурап курууганда камырды кесип салып демдеген. Азыркы учурда мындай тамактардын көпчүлүгү жасалбай калган.

 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"