Максым

Максым

Ысыкка чыдабай көлөкө издеп, суусап турган маалда чаңкаганыңызды кандыра турган суусундук ичип алганга эмне жетсин. Кыргыздын улуттук ашканасы табигый азыктардан жасалган суусундуктарга бай. Аларга жарма, максым да кирет. Максым – талкандан жасалган жарманын ачытылганы. Ал эми жарманы ачытпай, жөн гана ага ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп ичкендер да бар. Келиңиз анда, көбүрүп-жабырган максым кантип жасаларын үйрөнүп алыңыз.

 


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

 

8-10 литр максым даярдайм десеңиз: Ушунча өлчөмдөгү сууга

-тоң май – 2 аш кашык,

-ун – 2 аш кашык,

-талкан – 400-600 грамм, көрөңгө – 400-500-грамм, татымына жараша туз.

 

Maksym

 

БИЛИП АЛЫҢЫЗ:

 

--Унду куургандан кийин бир аз жылуу суу кошуп унду эзип алып, андан соң муздак суу куйсаңыз, куурулган ун бөлтөк болбой, тегиз эзилет.

--Жарма кайнап жатканда ташып кетпеси үчүн маал-маалы менен чалып туруңуз.

--Жарма кайнап жатканда маалы менен сапырып турсаңыз, талкан жакшы бышат.

--Максымды ачытуунун алдында ага 100-200 граммдай айран же сүзмө кошуп койсоңуз, ал көбүрүп-жабырып жакшы ачыйт.

--Эгер үйдөгү температура төмөн болсо, максымды ачытуу үчүн күн тийген жерге алып чыгып койсоңуз болот.

--Максым куюлган мискейге темир чөмүчтү калтырып койбой, алып коюп турганыңыз же жыгач чөмүч колдонгонуңуз жакшы. Себеби темир чөмүч максымды тундуруп коёт.

--Максым ачытуу үчүн көрөңгө жок болуп калса, ачыткы (дрожжи) колдонсоңуз болот.