Каттама

Каттама

Керектелүүчү азыктар:

1кг ун,

татым туз,

200-250 грамм каймак,

350-450 грамм сары май.

 

Даярдоо ыкмасы:

Камырды кадимки кесменикиндей катуу жууруп, бир аз тыныктырып коебуз. Тыныккан камырды зубалага бөлүп, кесме сыяктуу жука кылып жаябыз. Калыңдыгы 1мм болгондо, камырдын бетине тегиздеп каймак сүртүп, кайра үбөлүккө түрүп туурасынан экиге бөлөбүз. Тилинген камырды ортосунан дагы бир жолу кесебиз. Ошондо камырдын эндиги 3,5-4 см болот. Кесилген ар бир камырды учунан баштап түрүп, биринин үстүнө бирин түрүп, калыңдыгы 1см болгончо жаюу керек. Камырды даярдап алган соң, казанга азыраак сары май куюп, кызыганда, чийки каттаманы салып, адегенде бир бетин бышырып, андан кийин экинчи бетине оодарат. Четтери жабышып кетпеш үчүн, улам кашыктап май куюп туруу зарыл.

 

Духовкада бышырылган каттама

 

 

 

Камырдан жасалган кургак оокаттардын эң кадырлуусу каттама болуп эсептелет.


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru