«Даамдуу тил»

«Даамдуу  тил»

Керектелуучу азыктар:


Уйдун тили – 150 грамм
Суюк сыр (ордуна сыр кошулган майонез колдонууга болот) – 150 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Туздалган бадыраң – 1 даана
Ашкөк – 2-3 тал


Даярдоо ыкмасы:

 

1. Алдын ала сууга бышкан тилди узунунан жука тилкелерге тилип алабыз.
2. Ага суюк сыр менен майдаланган сарымсактын аралашмасын салуу керек.
3. Андан соң ичке тууралган бадыраң жана ашкөк салынат.
4. Этият ороп, таякча менен бекитип, тарелкага тизип коюңуз.