Жыныстык катнаш ушунчалык пайдалуубу

Жыныстык катнаш ушунчалык пайдалуубу

Жыныстык катнаш адамдын саламаттыгы үчүн пайдалуу болуп саналат. Дүйнө окумуштууларынын минтип бир добуштан айтып келишкенин эске алуу менен анын пайдалуу жактарын жиликтеп караса, секстин ойго келбеген натыйжаларды берери анык экен. Эмесе, бүгүн жыныстык катнаштын дал ушул пайдалуу сапаттарына кеңири токтолобуз.

 

Инфаркттын алдын алуу

Эгер эркек киши жумасына үч жолудан кем эмес жыныстык катнашта болууну туруктуу карманса, анда миокард инфарктына кабылуу коркунучу адаттагы адамга салыштырмалуу эки эсеге аз болот. Муну британ окумуштуулары далилдеп чыгышкан.

 

Артериалдык кан басымды төмөндөтүү

Жыныстык катнаш стрессти жокко чыгарат жана артериалдык кан басымды төмөндөтөт. Муну бир эмес, бир нече тажрыйба тастыктаган. Мындан демек, секс менен көбүрөөк машыккан адамдын депрессияга туруштук берүүсү жогору болот деп бүтүм чыгарса болот.

 

Эс-тутумду жакшыртуу

Адамдын эс-тутумун жана гормоналдык системасын мээнин гипоталамус деген бөлүгү башкарат. Эркек менен аялдын кошулуу маалында бөлүнүп чыккан сүйүү жана бакыт гормондору мына ушул бөлүккө түздөн-түз таасир этип, эс-тутумду жана көңүл бурууну жакшыртат.

 

Жүрөк булчуңдарын бекемдөө

Интимдик катыш учурундагы кыймыл-аракет жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды дагы бекемдейт. Бул өз учурунда адамдын организминдеги кан айлануунун жакшырышын шарттап, жүрөктүн нормалдуу иштешин камсыз кылат.

 

Баш ооруну басуу

Аял кишинин сексуалдык кошулууга карата каалоосун жоготкон бирден-бир себеп бул – баш оору. А чынында, баш ооруну басуу үчүн тескерисинче интимдик катышта көбүрөөк болуу керек экен. Бул маалда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону организмде кан менен кошо айлануу аркылуу баш ооруга “дары” болот дешет адистер.

 

Арыктатуу

Интимдик катыш белгилүү бир физикалык оорчулукка тете болгондуктан, ал адамды арыктатууга да эгедер. Илимий өңүттөн алып караганда, 30 мүнөттүк секс организмдеги 85 килокалорийди жокко чыгарып, аздап болсо да ашыкча салмак менен күрөшүүгө шарт түзөт.

 

Тишти бузулуудан сактоо

Спермоплазманын курамындагы цинк, кальций элементтери жана башка минералдар тиштин эмалынын бузулушунун алдын алат. Дарыгерлер интимдик катыш алдында жана андан кийин тишти жууп койсо, бул мындан да натыйжалуу болот дешет.

 

Жашартуу

Секс билинбегени менен аял киши үчүн сулуулук салону жасай албаган кызматты аткарып коюшу мүмкүн. Себеби, ал кандын курамындагы аялдык гормон болуп саналган эстрогенди көбөйтөт. Бул болсо чачты жандуу жана жылтыраган кылып көрсөтөт, ошондой эле теринин сыйда жана жагымдуу болушун шарттайт.

 

Сөөктөрдү бекемдөө

Жыныстык жактан кошулуу маалында эркек кишинин организминде эркектик гормон болуп саналган тестостерондун бөлүнүп чыгышы жогорулайт. Өз учурунда ал жана анын курамындагы пайдалуу минералдар сөөктү жана булчуңдарды бекемдөөгө негиз болот.

 

Мастопатиянын алдын алуу

Фиброздук-кисталык мастопатияга кабылууга дагы негизинен туруктуу сексуалдык жашоонун жоктугу жана мындан улам кичи чатка кандын уюп калуусу себепчи болот. А өнөктөштүн спермоплазмасы буга жол бербөөчү “табигый суюктук” катары аялды мындай абалга кириптер кылбайт.

 

Өзүнө баа берүүнү күчөтүү

Сексуалдык жаатта толук канааттанып жашаган адамдын физикалык жактан гана эмес, психикалык жактан дагы саламаттыгы чың болот. Ал өзүн эч убакта керексиз сезбейт, моралдык жактан аксабайт жана мындан улам өзүн ишенимдүү алып жүрөт.

 

Менструалдык циклди жөнгө салуу

Америкалык окумуштуулар жыныстык жашоодо жашабаганга салыштырмалуу туруктуу интимдик катышта болгон аялдын менструалдык цикли бузулбастыгын далилдешкен. Алардын азыр секс буга кандай жол менен таасир этерине кызыгуу жүргүзүп жатышкан кези.

 

Иммунитетти чыңдоо

Секстин адамдын иммунитетин чыңдаарын америкалык окумуштуулар далилдешкен. Тажрыйба жумасына туруктуу 2-3 жолу жыныстык катнашта болуп турган адамдын жугуштуу ооруларга туруштук берүүсү интимдик катышта болбогон адамга караганда эки эсе күчтүү экенин көрсөткөн.

 

Чат булчуңдарын бекемдөө

Убакыттын өтүшү менен көп аялдар заараны кармап туруучу чат булчуңдарынын бошоп калышынан жабыркашат. Жыныстык катнаш мына ушул көрүнүшкө жол бербөөчү бирден-бир көнүгүү болуп саналат.

 

Маститтин алдын алуу

Маммологдор дүйнөдөгү аялдардын 89 %ы маститтин биринчи стадиясынан жабыркашарын айтып чыгышты. Буга алардын туруктуу жыныстык катнашта болбогону себеп экен жана интимдик жашоону жөнгө салуу менен аялдар маститтен арылышса болот дешет алар.

 

Ооруну басаңдатуу

Интимдик катыштын туу чокусуна жеткен маалда организмде сүйүү гормону болуп эсептелген окситоцин бөлүнүп чыгат. Ал кийин эндорфиндин көбүрөөк бөлүнүп чыгуусун шарттайт. А эндорфин ооруну басаңдатуучу касиетке ээ болгон гормон болуп саналат.

 

Уйкуну жакшыртуу

Жогоруда айтылгандай, оргазм учурунда бөлүнүп чыккан окситоцин менен эндорфин адамдын уктоо жөндөмдүүлүгүн жөнгө салуучу функцияны да аткарат. А жакшы уйку кан басымдын жана салмактын нормада болушун камсыздайт.