Жигиттин жүрөгүнө беш жол

Жигиттин жүрөгүнө беш жол

Жакшы көргөн адамыңыз менен канчалык көбүрөөк баарлашсаңыз ага ошончолук жакындап, мүнөзүн билип тартылаарыңызды адамдардын жүрүш-турушун изилдеген Дэвид Либерман далилдеген. Ал эми сиз жигитиңиз менен алгач таанышканда аны менен көбүрөөк убакыт бирге өткөрүп, жылуу мамилеңиз менен жүрөгүн багындырганыңызга көзүңүз жеткенден кийин бир аз убакыт андан алыстай туруңуз. Адамдар кыйындык менен жете турган нерсеге ашыгып умтулушат эмеспи. Демек, сиз да сүйүктүүңүзгө канчалык бийиктикте тураарыңызды жүрүш-турушуңуз менен түшүндүрүңүз.

 

Көзүңүз менен сүйлөшүүнү үйрөнүңүз, анткени адам көп учурда сөз менен айта албаганын көзү менен түшүндүрөт. Эгерде экөөңүздүн тиктешип жаткан учуруңузда кимдир бирөө маекке аралашса да сүйүктүүңүздөн колуңуздан келишинче көзүңүздү албаңыз. Гарварддык психолог Цик Рубин кадимки адамдар сүйлөшүп жатканда болжол менен 45% тиктешсе, сүйүшкөн түгөйлөр маектешүү учурунда 75% көздөрү чагылышат.

 

Көп учурда кызганчаактык урушка алып келет десе кээ бир кездерде бул көрүнүштөрдүн пайдасы тиет экен. Кантип дейсизби? Чектен ашпаган кызганыч менен сиз жакшы көргөн адамыңызга канчалык деңгээлде кымбат экенин сездире аласыз. Ал эми белгиленген "чийинден" ашсаңыз албетте аягы уруш менен аяктайт.

 

Жигиттердин көпчүлүгү түнт, сырдуу бийкечтерди жактырбаса көп сүйлөгөн "жаактууга жай бербеген" селкилерди да тандашпайт. Ал эми сиз ортосун тандаңыз, өзгөчө досторуңуз менен кечеге барганда азыраак сүйлөгөнгө аракет кылып, жайдары маанайда болгонуңуз оң. Эгерде өнөктөшүңүз "курч" тамашага өтсө жайдары кабыл алыңыз.

 

Кандайдыр бир иш жасоодо сөзсүз түрдө сизди түшүнүп, колдогон адамыңызга кеңешип жардам сураңыз. Ал сиздин өз алдыңызча экениңизди сезсин, бирок ошол эле учурда анын жардамына, колдоосуна муктаж экениңизди билүүсү кажет. Жакшы жумуш жасаса көңүлүн көтөрө турган жылуу сөздөн кур калтырбаңыз, бул болсо да жакшы көргөн адамыңызга стимул боло алат. Бир кадам болсо да ага жакындоонун бир жолу.