Жашылча, жемиш жана мөмө кургатуу

Жашылча, жемиш жана мөмө кургатуу

Жашылча кургатуу.

 

Сабизди, сельдерей, ашкөк жана пастернактын тамырларын шар куюлган муздак сууга таза жууп, аарчыгандан кийин тал-тал же чарчылап туурап, марли же ичке жиптен согулган тор кере тартылган жыгач алкакка жука жаят. Торду 2-3 саат мурда оту өчкөн мештин үстүнө же бышыргычка (духовка) коёт, температура 700Сден ашпоого тийиш. Кургатуу 5-6 саатка созулат. Төө буурчак менен таттуу буурчактын кабыктарын жууп, бууга кармайт, бөлүп-бөлүп кесет, торго жайып, жогоруда көрсөтүлгөн температурада кургатат. Бууга кармаш үчүн тууралган жашылчаларды сүзгүчкө салып, мискейде кайнап жаткан суунун үстүнө бышканга чейин коёт. Шибит, эстрагон, базилик, ашкөк жана сельдерей. Кесип алынган өсүмдүктөрдү саргайган жана бузулган сабактарынан тазалап, кургатыла турганын шар куюлган муздак сууга абдан жууйт, суусу сарыктырылып, кичинеден боолап байланат. Аларды жипке же зымга тизип, ачык жылуу күндөрү сере, сарай, чатыр алдына ж.б. жакшы желдей турган көлөкө жерге илип коюу керек. Андан кийин татымал чөптөрдү оозу ачык бышыргычка салып дагы кургатса болот. Күн бүркөк болсо, татымал чөптөрдү жууп, майда туурап, мешке же бышыргычка 40-500С температурада (ашкөктүн көгүн 65-700Сде) 2,5-3,5 саат кургатыш керек. Температура жогору болсо, жыттуу заттар учуп кетет, витаминдер бузулат. Татымал чөптөрдү аралаштырбай, ар бирин өзүнчө кургаткан жакшы. Кургаган татымал чөптөр менен азык тамырларын сергитип, аралаштырат, оозу жакшы бекилүүчү идишке же каңылтыр кутуларга салып, кургак жерде сактайт.

 

Жемиштерди жана мөмөлөрдү кургатуу.

 

Кызыл өрүк менен шабдаалы. Кургатыш үчүн бышкан гана мөмөлөр алынат. Аларды жууп, экиге бөлүп, данегин алып салат. Бөлүнгөн мөмөлөрдү подносторго бир катар чалкасынан салып, күн тийген жерге коёт. Кургатуу 4-5 күнгө созулат. Түнкүсүн подносторду үйдүн ичине киргизип койгон жакшы, анткени мөмөлөр сырттагы шүүдүрүмдөн улам нымдалып калышы мүмкүн. Жемиштер абдан солугандан кийин бир подноско калың катмар кылып, андан кийин көлөкөгө кургатса болот. Мөмөлөр меште же бышыргычта да кургатылат. Мында подноско тизилген мөмө 60-700С температурада 10-12 саатта кургайт. Жүзүм адатта күн тийген жерде 4-9 күн кургатылат. Курга таар алдында жүзүмдү топ сабагы менен ысытылган (95-970С) 5%дуу тамак-аш сода эритмесине 3-5 секунда салып алган жакшы. Андан кийин дароо шар куюлган таза сууга жууп, подносторго жайыш керек. Бул жүзүмдүн тез кургашына көмөк берет, анткени жүзүмдүн сыртында көптөгөн майда тешиктер пайда болот. Мешке кургатылса, температура 65-750С болуш керек. Кайналы. Толук бышкан мөмөлөрү гана кургатылат. Алар сода кошулган суу менен жүзүмдү жууп тазалагандай эле тазаланат. Таза жемиш подносторго тизилип, күнгө кургатылат, түнкүсүн сереге киргизилет. Мешке кургатууну эки ирет жүргүзүү сунуш кылынат: адегенде 40-500С температурада 3-4 саат кармагандан кийин 4-5 саат алып коёт. Экинчи жолу 55-600С температурада 10-12 саат кургатылат. Алма менен алмурутту жууп, уругунан тазалап, 0,5-1 см калыңдыкта туурайт. Туурагандан кийин алма туздуу сууга (1 л сууга 20 г туз кошуп) 2-3 минута салынса, алмурутка ысык суу жаба куюлса, ак түсү сакталат. Жемиштер ачык жерде үйдүн үстүнө, чатыр алдына, сарайга, бөлмөгө кургатылат. Күнгө кургатуу 3-4 күнгө созулат. Андан кийин бышыргычта алманы 65-850С температурада (5-6 саат), алмурутту 65-760С температурада (8-12 саат) кургатса болот.