Жаш бойдон калуунун 10 жобосу

Жаш бойдон калуунун 10 жобосу

Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, түбөлүк жаш болуунун 10 жобосун иштеп чыгышты. Бул он жобону колдонуп, эске тутуу менен бирге биз өмүрүбүздүн узак болушуна жакшы өбөлгө түзө алабыз. Карап көрсөк, жаштыкты сактоо өз колубузда, эркибизде экен. Андыктан аракеттениңиз.

 

1-ЖОБО

Жеген тамагыңызды көзөмөлдөңүз! Тамактанганда орто деңгээлде тамактаныңыз. Көп жеп алып аны сиңире албай же аз тамактанып, чала тоют болуп калбаңыз. Анан да ашыкча калориялуу азыктардан оолак болуңуз. Мындай ыкма менен сиз клеткаларыңызды ашыкча жүктөн арылтып, алардын активдүүлүгүн сактайсыз. Мунун натыйжасында жаңы клеткалар жаралат да, организмдин оору менен күрөшкөнүнө жакшы шарт түзүлүп, ар кандай илдеттерден алыс болот.

 

2-ЖОБО

Тамактануу рационуңуз өзүңүздүн жаш курагыңызга туура келгени жакшы. Мисалы, 30 жаштагы айымдар боор менен жаңгакты көп колдонушса, бетке түшө турган алгачкы бырыштар бир аз кечирээк пайда болот. 40 жаштан өткөн соң сөөктү өз формасында кармоо үчүн кальцийди жана жүрөктүн жакшы иштөөсүнө шарт түзгөн магнийге бай азыктарды, жаңгак, бадам сыяктуу азыктарды колдонгон пайдалуу. 50 жаштан өткөн соң балык жесеңиз, сиз жүрөгүңүздү жана кан тамырларыңызды коргой аласыз.

 

3-ЖОБО

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, өзүнө жаккан, өзү каалаган жумуш адамды өз курагынан жаш көргөзөт. Андыктан кесип тандоого өзгөчө көңүл буруу талап. Мисалы, дирижёр, музыкант, хореограф, сүрөтчү сыяктуу кесиптер түбөлүк жаш болууну сактаганга өбөлгө боло алышат.

 

4-ЖОБО

Карылыкка жол бербеген эң негизги нерсе бул – сүйүү менен назиктик. Андыктан жумасына эки жолу интимдик мамиледе болуп турууну сунушташат окумуштуулар. Анткени жыныстык катнаш учурунда организмден эндорфин гормону бөлүнүп чыгып, ал иммунитет системинин жакшырышына шарт түзөт.

 

5-ЖОБО

Жеке көз карашка ээ болуңуз. Мындай адамдар депрессияга аз кабылышат жана алардын маанайы чөккөн учурлары аз болот.

 

6-ЖОБО

Ар убак кыймылда болуңуз! Бир күндө жети мүнөт спорт менен машыгуу өмүрүңүздү узартууга жардам берет. Кыймыл учурунда бойдун өсүшүнүн гормондору бөлүнүп чыгат.

 

7-ЖОБО

Организмдеги зат алмашуу айлана-чөйрөдөгү температурадан да көз каранды. Андыктан салкын бөлмөдө уктап эс алыңыз. Эгерде кимде-ким 17-18 градус температурада уктаса, көп убакытка чейин жаш бойдон калары далилденген.

 

8-ЖОБО

Өзүңүздү эркелеткенди, рахат тартуулоону унутпаңыз. Эгерде сизге жаңы баштык же жаңы көйнөк жагып калса, аны сатып алуудан баш тартпай, аракет жасаңыз.

 

9-ЖОБО

Бугуңузду ичиңизге катпай, аны жакындарыңыз менен тең бөлүшкөнүңүз туура. Ичке катылган санаа ар кандай ооруларга себеп экенин биле жүрүңүз. Эл аралык тестирлөөнүн жыйынтыгына таянсак, рак оорусуна чалдыккандардын 64 пайызы букту ичке катып жүргөндөр болуп чыккан.

 

10-ЖОБО

Мээни иштетүү менен биз жүрөктүн иштешин активдештирип, кан айлануу жана зат алмашууну жакшырта алабыз. Андыктан мээңизди машыктырып, баш катырмаларды табыңыз, кроссворд, сканворд толтуруңуз. Эсептегенде да калькуляторду эмес, мээни колдонуңуз!

 

МЫНДАН ТЫШКАРЫ...

-Көп нерсени билүүгө умтулсаңыз эч нерседен тажабайсыз.
-Тынч жайда уктап, толук кандуу эс алыңыз.
-Өзүңүздүн жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдүү болуңуз.
-Өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.
-Эл менен жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбүрөөк баарлашыңыз.
-Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана дайыма күлүп жүргөнгө аракет жасаңыз.
-Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам деген ишеничте болуңуз.
-Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз.