Жүрөк ооруларында

Жүрөк ооруларында

Жогорку дозада ликопин затын камтыган Кы¬зыл жемиштер (помидор, кызылча, калемпир) жүрөк ооруларына пайдалуу. Ошондой эле омега-3 камтыган порту¬лак (сабагы татымал катарында колдонулуучу өсүмдүк) канды суюлтуучу касиетке ээ. Мындан тышкары розмарин (жалбырагынан же гүлүнөн жыттуу май чыгарылуучу, дайым көгөрүп туруучу түштүк өсүмдүгү) жүрөк ооругандардын ашканасында дайыма болушу керек. Кан басымы жогору болгондорго сарымсак жана курамында калийи көп шалгам же анын суусу сунушталат. Ал эми арыктоо, өнөкөткө айланган чарчоо жана алсыздык менен жабыркагандар сарымсак, капуста жа¬на брюссель капустасын көп пайдаланганы оң. Түстүү ка¬пуста, төө буурчак, жүгөрү, ачуу калемпир, жашыл буурчак жана картошка салмак кошуучу азыктардын катарына кирет.

 

Боору ооругандарга, алкоголдук ичимдиктерди ичкендерге жана буга керектүү дары-дармектерди пайдалангандар сабиз, пияз, таттуу картошка жана башка түбү желе турган бардык жер -жемиштер сунушталат.