Жүгүнүү

Жүгүнүү

Келин кайын ата, кайын эне, күйөөсүнөн улуу эркек жана аял туугандарынын бардыгына жана кайын энесинин бир туугандарына учурашуу иретинде жүгүнгөн. Аларга жолуккан мезгилде кол берип учурашууга же үнүн катуу чыгарып саламдашууга тыюу салынган. Мында ал саламдашуу иретинде колун бооруна алып, тике карабай, ийилип таазим эткен.

 

Келин топ кишиге карата да бир эле жолу жүгүнгөн. Келин күйөөсүнөн «аяк алып ичерлик улуу», тактап айтканда, жашы жагынан анча мынча, бир аз гана улуу эркек туугандарына да жүгүнүгөө тийиш болгон, бирок алар өздөрү макулдук берип, келиндин жүгүнбөөсүн суранышкан учурда ал жүгүнүүсүн токтото алган. Айрым бир учурларда келин ыраазычылык билдирүү иретинде да жүгүнгөн.

 

Алсак, жогоруда аталган адамдар устукан берген учурда, ыраазычылык иретинде ал кишиге жүгүнүп койгон. Келин кимге багыштап жүгүнсө, ал киши буга жооп кылып: «Көп жаша!», «Өмүрлүү бол!», «Кудай жалгасын!», «Теңир жалгасын!», «Алганың менен тең кары!», «Бар бол!», «Өркөнүң өссүн!», «Тилегиңе жет!», «Этегиңден жалгасын!», «Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн!», «Ак элечегиң башындан түшпөсүн!», «Көшөгөң көгөрсүн!» деген сыяктуу алкоолорду айтып, ыраазычылык билдирүүгө тийиш.

 

Ал эми келиндин жүгүнүүсүн жоопсуз калтырып, байкамаксан болуп басып кетүү, бата бербей же алкабай коюу кыргыздардын салттык этикетинде өтө чеки иш катары эсептелген. Аял киши карып калган учурда да абышкасынын көзү тирүү туруп, уруусунда андан улуу киши калса, анда ага мурункудай эле жүгүнүүсүн уланта берген .

 

Бирок кыргыздардын салттык этикетинде төмөндөгүдөй айрым бир учурларда келиндин жүгүнүүсүнө тыюу салынып, токтотулган. Жесир кайрадан турмушка чыккандан кийин жүгүнгөн эмес. Бирок нике кыйылгандан кийин, кайын тарабы тамак-аш, чай куюлган аяк сунуп: “Балам, мындан кийин муруңку жолуң менен жүгүнүп жүр, муну ич”, – деп берет. Ошондон баштап келин мурункусундай жүгүнө баштаган.

 

Эгер мындай иш-аракет аткарылбаса, жүгүнгөн эмес. Келин бирөө каза болгон үйдө єзїнїн дайыма жүгүнүп жүргөн адамдарына сөөктү жерге берип келгенге чейин жүгүнгөн эмес. Мындай ишаратка жамандыкка жүгүнгөндөй, ага багынгандай болуп калат деген ишеним себеп болгон . Белгилей кетчү нерсе, келин күйөөсүнүн улуу туугандарына гана эмес, башка уруунун аксакалдарына да салам берүү иретинде жүгүнгөн.

 

Жыпар Исабаева

"КЫРГЫЗ ТУУСУ"