Ысмыңыз ким ?

Ысмыңыз ким ?

Нуртилек

“Нур” деген сөз “жарык”, “күндүн шооласы” деген маанини билдирет. Ал эми “тилек” “максат”, “каалоо” дегенди түшүндүрөт. Бул ысымдын ээлери атына заты жарашкан мырзалардан болуп чыга келишет. Ар дайым тактыкты талап кылып, буйрук берип башкарган сапатка ээ болушат. Эрктүү келишип намысын колунан алдырбаганга аракеттенишет. Үй-бүлөгө күйүмдүү ата, абройлуу мырза болуу менен бирге элине да кызматын сиңире алышат.

Гүлайим

Гүлайымдын түгөйү. Бул ысымдын “гүл” уңгусу селкилерге таандык ысымдардын башына жана аягына көп уланат. “Ай” - бул караңгы түндү жарык кылган планета, “айым” уланмасы “менин айым” деген маанини түшүндүрөт. Үч мааниге ээ болгон бул ысымдын ээлери жашоодо өтө сезимтал, баамчыл, эмгекчил, жан дүйнөсүн чыгармачылык аралагандардан. Булар ишенимге арзыган, ишеничтүү дос, үй-бүлөдө бир сырлуу жар болушат.

Таалайбек

“Таалай” дегенди араб тилинен которгондо “бакыт”, “тагдыр” дегенди түшүндүрөт. “Таала” “бийик болгон”, “ай” деген мүчөсү асмандагы айды, “бек”, “бекем”, “бай” деген ар түрдүү маанилерди өзүнө камтыйт. Бул ысым кыргызда кеңири тараган. Таалайбектер жашоодо адамгерчиликтүү, ар бир ишине кылдаттык менен мамиле жасаган, куулук-шумдугу жок мырзалардан. Булар жасап аткан иштерин тегерегиндегилерге жарыя салбайт. Сыр жашырууга бекем келишет.

Нургүл

Араб тилинен которгондо “нур” “жарык”, “күндүн нуру” деген маанини түшүндүрөт. Ал эми “гүл” - бул кадимки эле назик гүл. Бул ысымдагы айымдар абдан ачык-айрым, шатыра-шатман жүргөндөрдөн болушат. Адамдарды сыртынан карап көрүп, байкап, сезип, андан соң ал адамдын өзүнө жараша мамиле кылышат. Дайыма көпчүлүк менен аралашып жүргөндү жактырышат. Булардан мыкты журналист, мыкты мугалим, мыкты ашпозчу чыгат.

Зуура

Алдыга максат коюу жагынан алсыз болушат. Айым катары үй-бүлө күтүү керектигин түшүнүшөт, бирок ашыгышпайт. Булар үчүн иштеген иши, карьерасы маанилүү ролдо турат. Өздөрүн тең салмакта алып жүргөн айымдардан болушат. Тегерегине да өзүндөй адамдарды топтошот. Жасай турган ишинен майнап чыгарышат. Бирок бул ысымдын ээлери өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним артышпайт. Ата-энесинин же күйөөсүнүн мойнунда болууну каалашат.

Чынара

Перс тилинен которгондо “бийик”, “коргоочу” деген маанилерди түшүндүрөт. Бул ысымдагы айымдар адамдар менен бат тил табыша алгандыктан дос-тааныштары көп болот. Кайрымдуу, боорукер, оптимист, өзүнө ишене билген, чыгармачыл, чындыкты сүйгөн айымдар. Фантазияга бай, туюу сезими күчтүү келгендиктен бир нерселерди алдын ала болжоп койгонго жөндөмдүү келишет. Өзгөчө берешен айымдар.

Салина

Казак тилинен алынган ысым. Көпчүлүгү жашоодо абдан шатыра-шатман жүргөн, ачык-айрым, ичине кир сактабаган айымдар. Колунан келсе жардамга муктаж адамдарга жарыгын чачып жардамын берүүдөн аянбайт. Үй-бүлөдө камбыл кожойке, балдарына мээримдүү эне, жарына жаркылдаган жар боло алышат. Кыскасы, бул ысымдын ээлери аялзатына тиешелүү сапаттарга бай келишет.

Эгенберди

Бул ысымдын түпкү маанисинде жарык дүйнөгө жаңы келген наристенин келечегинин кең болушу жана Алла Тааланын бергенине шүгүрчүлүк кылуу камтылган. Ошондой эле ал наристенин элине кызмат кылуусу да максат кылынган. Ошол себептен бул ысым ыйгарылган эркек бала абдан жоопкерчиликтүү инсан болуп чыгат. Жигиттик парзын аткаруу үчүн жан үрөп өтө эмгекчил болушат.

Калкаман

“Калк” жана “аман” деген сөздөн куралган ысым. Эрки күчтүү, ойлонуусу тез, өжөр, башкарганды жакшы көргөндөр. Искусствого кызыккан, тилди оозеки жана жазуу түрүндө жакшы түшүндүрүп, баяндап жаза алган адамдар. Ар дайым коомчулукта өзүнүн жакшы сапаттарын көрсөтүүгө далалаттанышат. Өзүнө терең ишенип, колунан келсе да, келбесе да максатына жетүү үчүн талыкпай чуркай берет.

Рита

Индия эли "тайманбас" деген мааниде кабыл алган сөз биздин тилде "акак" деген маанини билдирет. Бул айымдардын мүнөзү жеңил эмес. Сырын сыртка ашыра чыгарышпайт, сыр сактоо жагынан алдына киши салышпайт. Дайыма өздөрүнө ишенишет. Бир нерсе жакпай калса, өз оюн ачык айтууга жөндөмдүү, эрки күчтүү жана кандай кырдаал болбосун, ал жагдайларга тез реакция беришет. Риталар тегерегине ашыкча досторду арттыра берүүнү жактырышпайт.