Устукан тартуу

Устукан тартуу

Кыргыздардай устуканга өзгөчө аяр мамиле жасап, аны өз баркы менен урунуп, терен маани берип келген дүйнөдө башка да эл бар экенин билбейт экенмин. Маселен, коңшу казак элинде анча-мынча кыргыздардыкына окшотуп, конокко устукан берүү бар болгону менен ар бир жиликке маани берип өз орду менен тартууга келгенде кыргызга жетпейт. Тагы устукандарды кыргыздардай айра билишпейт.

 

Кыргыздар конокко устукан тартуу менен өтө маанилүү мамиле сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп келишкен. Туура, бул нарк бүгүн унутта калып баратат. Көпчүлүк иш-аракеттер ордун кайра табаар таппасы да белгисиз. Бирок негизи сакталууда.

 

Сөздү баш устуканынан баштайлы. Кыргызда чоң конокто (тойдо жана башка ушул сыяктуу көпчүлүк катышкан дасторкондо дегенибиз) баш улууга тартылат. Башка сөзсүз түрдө жамбаш жана сырттуу кабырга кошулуп берилет. Жекече арнап чакырылган конокто сый делген адамга тартылат.

 

Жаманчылыкка арналган (аш, маркумга куран окутуу сыяктуу иштер) дасторкондон бөлөктө баш устуканынын сөзсүз түрдө сол (аттанар жагы деп коет) кулагы сол ууртунун эти кесилип алынып тартылат. Жаманчылыкта бүтүн тартылат.

 

Башты куйкалап, жууганда эле тишин чагып коет. Тиши менен баш тартпайт.

 

Баарына өз кезеги менен токтололу. Сол кулакты кесип калган себеби: “Мен сиз менен сыймын, сиздин сөзүңүздү угам” деген белги. Башты алган адам биринчи оң кулакты кесип жейт же өз баласына берет. “Мен да сиз менен сыймын. Сиздин создү угам” деген белги. Эгер башты кары киши алса, кулагын кесип ооз тийгенден кийин ошол дасторкондогу жаштардын бирине берет. Башты алган жигит куйкумду майдалап бөлүп, олтургандарга ооз тийгизет. Таңдайын кыздарга же келиндерге “ишмер, саймачы бол” деп берет. Көзүн өзү “көздөшүп жүрөлү” деп досуна же мамиле түзгүсү келген адамга берет. Жаш малдын башы болсо мээсин чыгарып туураган этке кошот. Чоң койдун баш мээсин көп учурда кошушпайт. Баш усутканынын философиясы кой жандыгынын устуканына гана тиешелүү. Башка малдыкы усуткан катары сый конокко тартылбайт. Маселен,эчкинин башы тартылбайт. Улактыкы айрым бир таарынышып кетпей турган достор арасында тартылбаса, тартылбайт.

 

Кой союп, конок күтүү болуп бирок башы тартылбаса бул да туура эмес. Сөзсүз баш дасторконго коюлушу шарт. Баш бир гана учурда конокко тартылбайт. Кыз алган кудага “Баш берген жерге баш бербейт” – дешет кыргыздар. Күйөө балага баш тартылбайт. Бирок дасторконго коюлат.

 

Баш аял кишиге тартылбайт. Баш жеген эркек адам баштын көзүн чыгарып аял кишиге “көздөшүп жүрөлү” деп бербейт. Деги көздү аял кишиге берүүгө болбойт. Бул уят иш. “Көңүлдөш бололу” дегенди түшүндүрүп калат. Же экинчи бир тарапты “Араңарда эркек жок, ошондуктан аялдарыңар менен көздөшөлү” дегенге барабар.

 

Ушул жерден бир уламышты айта өтөйүн. Казактын Кененсары ханы кыргызды чаап алам деп келип, Ормон хандан колу талкаланып өзү иниси Ноорузбай экөө колго түшүп калышат. Ошондо кыргыз жакшылары чогулуп “Казак кыргыз бир тууган эл элек. Кененсары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, ошондо да тукуму хан, башын аман коюп, экөөнө эки кыз тартуулап, ат мингизип жөнөтпөйлүбү. Эки элдин ынтымагы үчүн” дешет. “Эртең кол курап келип кайра чабышса кантебиз” дегендер чыгат. Ошондо экөөнө эки койдун башын тарткыла, кандай жейт көрөбүз дешет аксакалдар. Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп ооз тийбей жылдырып коет. Башты көргөн аксакалдар, аттиң болбой калды. Булардын ичинде кеткис кеги бар экен. Бири “Аман болсом мурдуңарды кесип, кежигенерди тилем” десе, экинчиси: “Көзүңөрдү, оюп, кулагынарды кесермин” деп жатпайбы. Биз кечиришели деген менен булар болчудай эмес” дешип экөөнүн тең башын алдырып ташташкан. Бул өтө кайгылуу, болгон окуя. Башка байланышкан мындай легендалар өтө көп.

 

Устукан шааниси философиясы аркылуу достор ажырашып, мамилелери бузулуп, же тескерисинче таарынышкандар элдешкен учурлары болгон.

 

Маселен, бирөө өзүнүн жакын досу таарынып жүрөт дегенди укса үйүнө чакырып баш тарткан. Эгер достугубуз сакталсын десе, тигил досуна көрсөтүп туруп сол кулагын кесип алып өзүнүн баласына берип анан устуканды узаткан. Бул менин сага тилегим ак, менин балам сенин сөзүңду угат. Биздин достук түбөлүктүү деген белги. Тигил досу досукту улагысы келсе астына келген баштын он кулагын кесип алып, өз баласына берген. Бул: “Менин балам да сенин сөзүңдү угат. Мамилебиз түбөлүк болушун каалайм” деген ишарат. Андан соң он көзүн оюп, досу менен болүшүп жеген. Бул “көздөшүп жүрөлү” деген белги. Ошентип экөөнүн ортосундагы таарыныч унутулуп мамиле жөндөлгөн. Эгер достукту каалабаса жогорку ишаараттарды жасабай куйкумдан ооз тийип туруп жылдырып койгон. Эгер үй ээси достукту каалбаса, баштын сол кулагын кесип албай бүтүн тарткан. Баштын бүтүн тартылышы бул “мамилебиз ушуну менен токтосун, сый калалы” деген белги. Эгер баштын тишин чакпай тиши менен тартса “мындан ары экөөбүз тиштешебиз, сак бол” деген белги. Чала куйкалап, же терисин күйгүзүп ала-була кылып тартса “сен ким элең, ушул үйдө конок болгонуңа кубан” деген басмырлоо ишараты болгон.

 

Жоругу көп бул башты кыргыздар конокко тартарда өтө аяр болушкан. Бир жерин да күйгүзбөй, чала жерин калтырбай жакшы куйкалаган, эзилтпей бышырышкан. Анан шарт-жөнү менен ойлонуп туруп тарткан. Наркты, салтты билбеген бирөөлөр устакан тартып жаңылыштык кетирсе, ал түгүл эки уруунун да мамилесин бузуп коюшу мүмкүн. “Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартып” деген макал бар. Кыргыздарда устукан катары тартылбай турган, тартылса уят, же конокту басмырлоо, шылдыңдоо катары каралчу жиликтер бар. Булар төш табакаа кошулуп устукан катары тартылбайт. Эгер турмушка чыгып кеткен кызың конокко келсе бутун бышырып же чийки баштыгына салып бересиң. Табакка түшүрбөйт. Күң жилик, моюн омуртка, боконо, кабырга, жетим арка, шыйрактар, тил жаагы менен сый дасторкондун табагына кошулуп тартылбайт.

 

Койдун сый устукандары жамбаш, куймулчак, (эгер куйруктуу койдуку болсо гана куйругу жок койдуку куймулчак деп аталбайт, чычан деп устукан катары тартылбайт). Карыжилик, чүкөлүү жилик, кашка жилик, далы, андан кийин мырза аркалар да сый устуканга кирет Сырттуу кабыргалар да сый устукан катары өзүнчө тартылып жүрөт.Бул кийинки кездерде чыкты. Кыргыздарда сырттуу кабыргалар жогорку устукан жиликтерге кошулуп сый катары тартылган. Өзүнчө устукан катары тартылган эмес. Ушул жерде белгилей кетээр жагдай куймулчак эркекке тартылбайт. Аял кишилерге тартылат. Эгер дасторкондо кудагый болсо сөзсүз кудагыйга берилет.Карыжилик ыйык жилик катары каралат. Чагылбайт. Мууну ажыратылбайт. “карыжилик жаныңда болсо, кырк жигит жанында жүргөндөй болот. Жол жүргөндө талаада уктасаң карыжиликти ала жүр. Сени кырк жигит болуп кайтарат” дешет. Адамдын бел омурткалары ооруганда карыжиликтин жумуру башы менен укаласа айыгып кетет деген ырым да бар.

 

Жамбашты тартканда да, этин устукандаганда да жөнү менен барктап тартат. Сый конокко жамбаштын эти бүтүн тартылат. Устукандын артыкчылыгы этин шылытып,эзилтип жибербей бүтүн бышыра билгенде.

 

Бодо малдын устуканы койдукунан башкача сыйга ээ. Сөздү жылкыдан баштайлы. Жылкынын эң сый устуканы – учасы. Уча табакка башка устукандарга кошулбай өзүнчө тартылат. Учанын сыйы да өзгөчө болот. Уча ошол коноктогу өтө сыйлуу деген адамга тартылат. Көбүнчө кудаларга тартышат. Эки-үч куда отурса аксакалына берилет. Тең туугандар отурса, эң алыстан келгенине берилет. Учаны алган адамдын жолдогу болбойт. Ошол жердеги отургандарга кесилип, ооз тийүүгө таратылат да калганын тарткан баланын өзүнө кайрып беришет.

 

Жакшылыкта тартылган учанын эки жолу бар, биринчиси алган адам дасторкондогуларга кесип ооз тийгизет да калганын тарткан баланы чакырып ырымга тыйын берет. Чечмелеп айтканда учаны сатып алат. Андай ырымын кылса учаны алган киши устукан катары үйүнө алып кетүүгө акылуу. Үй ээси кошумча баштыгы менен учаны алган кишиге салып берет. Эгер ырым кылып сатып албаса учаны кайра тарткан баланын озүнө берет.

 

Жылкынын экинчи сый устуканы кыр аркалар, (канат арка деп коюшат) боконо аркалар, сырттуу кабыргалары. Жылкынын, уйдун жиликтери сый устукан делбейт. Уяттуу конокторго тартылбайт. Көпчүлүк атышкан чоң коноктордо, тойлордо жогорку устукандардан кийин тартылат. Уйдун устуканы деле жылкыныкы сыяктуу болуп бөлүнөт.

 

Жылкыда чучук (казы) карта, сый катары кетсе уйда сар жүрмө, бурта сый катары кетет. Кыргыздын э сый тамагы “беш бармак”, Кыргыз “беш бармак” бербесе конок кткделе болбойт. Кыргыздар эт жемейин кетпейт. “Эт бергени, кет дегени” деген азил сдбар. Беш бармак өзүнчө азем менен даярдалат. Алгач сорпонун үстүнөн калкып, майлуусун озунчо куюп аласың да ага тууралчуу этин колөмүнө жараша пияз туурап (маселен бир табак этке 1-3 баш пияз) баягы сорпого кошуп 10-15 минут кайнатасың. Муну “чык” деп коет. Чык кошулбаган беш бармак даамына чыкпайт.

 

Анан этти майда кылып туурайсың. Канча майда болсо, беш бармак ошончо барктуу болот. Ошондуктан эл арасында этти майда туурагандар да даңкталган учурлары бар. Тууралган этке кичине камыр кошосуң да (маселен эттин үчтөн бириндей) ана баягы чыкты кошосуң. Козунун, тайдын, жаш торпоктун этине көп учурда камыр кошпойт. Жалаң эттин өзүн жешет. Анан аябай аралаштырасың. Анан кол менен жейсиң. Мындай ширин тамак дүйнөдө аз. Кыргыздардын кол менен тамак жегени мени көп ойлондуруп жүрдү. Бул жарыкчылыкта улут катары он миңдеген жыл жашасаң анан эмне үчүн тамакты кол менен жегенди жакшы көрөбүз? деген суроого жооп издедим. Себеби кыргыздар бешбармакты эле эмес, басылган күрүчтү дагы башка көп тамакты кол менен жейт.

 

Кашык вилка дегенди колдонгусу келбейт. Бул цивилизациядан артта калган караңгылыкпы? Жок. Көрсө цивилизациянын туу чокусуна жеткен билимдүүлүк, түшүнүктүүлүк экен. Көрсө колдун манжаларынын башында өтө көп нерв точкалары жайгашыптыр. Муну илимде “Скрытая сенсорная система” деп коет АКШ, Улуу Британия окумуштуулары ачкан. Ал точкалар дененин көп жерлери менен, өзгөчө ички органдар менен тыкыз байланышта болот экен. Манжаларыбыз тамакка тиери менен ашказанга “тамак кармады” деген сигнал барат экен. Ашказан ошол замат тийиштүү суюктукту бөлүп тамакты кабыл алууга даяр болот экен.

 

Экинчиден, манжалар ысык-суукту так ажыраткандыктан, ооз, ашказан күйгүдөй ысыкты эч убакта кармабайсың. Өтө муздакты да жебейсиң.

 

Үчүнчүдөн, кыргыздар колун өтө көп жууган элдердин катарына кирет. Эшикке кирип-чыккан сайын колун жууй берет. Башка улуттун өкүлдөрү биздин колду өтө көп жууганыбызга тан калган учурлары көп. Колун жуубай кыргы тамак ичүүгө отура албайт. Эшиктен колунду жууп киргениңе карабай дасторкон үстүндө беш бармак жээрде кайра колго суу куюлат. Тамак жеп бүткөндөн кийин да колго суу куюлат.

 

Колду таза урунуу боюнча кыргызга эч ким жетпесе керек. Төртүнчүдөн, медициналык көз караш менен караганда кыргыздар жалаң күчтүү тамактарды жеп жүрсө да ашказан оорусу менен батыштагыларга салыштырмалуу аз ооруган. Себеби колуна темир кашык кармаганда “темир кармады” деген сигнал барат да анан эле күтүүсуз тамак барып калат. Темир кашык менен ооз күйгүзгөн ысыкты ууртап, ал түгүл аш казаныңды күйгүзгөн учурлар да жолугат. Кол менен жесең эч убакта ашазан да, ооз да күйбөйт. Өтө муздакты да жебейсиң. Ал эми колду таза урунуу медицинадагы гигиенанын башында турат.

 

Тамак жеп жатканда манжанын башындагы нерв точкалары аркылуу ашказан, боор, өт эле эмес, эс акыл, ой, бүт организмдин туура башкарылышы тамактын сиңиримдүүлүгүн арттырып ден-соолукка пайдалуулугун жогорулатат. Кыргыздар өз жолу менен кете бербей кайра артка бурулуп азыркы цивилизациянын жолуна түшүүгө аракет кылгандан бери, ашказан, өт, боор, жүрөк оорулары көбөйдү. Аталар муну жөнөкөй эле чечип коюшкан. Бул бүгүнкү илимде да аныкталды. Ушинтип кыргыздардын устукан философиясы, анан кол менен тамак жеген философиясы да өзүнчө кеңири иликтөөгө ала турган илимий мейкиндик.

 

Устукан менен бири-бирине болгон мамилени, коноктордун даражасын аныктасаң. Кол менен тамак жеп ден-соолугуңа кам көрөсүң, денең таза жүрөсүң. Бул улуулук эмей эмине.

 

Чолпонбек Абыкеев