Туура тамактануу жана ден соолук

Туура тамактануу жана ден соолук

Жакшы өсүп, жетилип, жигердүү иштеп, ден соолук чың болуш үчүн жакшы жана туура тамактануу керек. Себеби, жакшы тамактануу-организмди керектүү заттар менен чыңдап, көптөгөн оорулардан сактайт. Адам баласы эптеп эле карын тойгозуш үчүн тамактаныш эмес, энергияга толгон, иммунитетти күчтүү, сергек жашоо үчүн тамактануусу керек. Андыктан, тамагыңыздар таттуу болсун!

 

Начар тамактануудан адам:

 

Шайы кетип, чарчайт;
Табити жоголот;
Кан аздык, анемия оорусу байда болот;
Адам оозунун эки тарабына жаралар чыгып, кургашы мүмкүн;
Ой жүгүртүү начарлап баш ооруйт;
Чачтар суюулуп, өңү өчөт жана түшө баштайт;

Төмөндөгү көйгөйлөрдүн башка да себептер бар, бирок кээде начар тамактануудан, оорунун күчөп кетишине алып келген учурлар да болот.
Ич өтүү, зат алмашуунун начарлашы;
Жугуштуу оорулардын көбөйүшү;
Кулак зыңылдоо;
Тиштин бүйлөөсүнүн каноосу же кызарып ооруусу;
Ашказандын жакшы иштебөөсү;
Теринин кургап кесилиши; жүрөктүн катуу согушу;
Тынчы кетип, жини бат келүү же акылдан адашуу оорууларына чалдыгуу;
Кара сарык (боор циррозу) болуу.

 

Ар түрдүү аш болумдуу тамак-аш адамды оорудан гана сактабастан, дененин оорууларга каршы күрөшүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондуктан ооруган адам аш болумдуу тамакты ар дайым каалап, каалабаса да жеп турууга тийиш. Аш болумдуу тамак бейтаптын тезирээк айыгып кетишине шарт түзөт. Жаш балдардын жакшы тамактанбай жүргөндүгүн, анын кол булчуңунун жоондугу көргөзөт. Эгерде, бир жаштан өткөн баланын кол булчуңунун жоондугу 13,5 см.ге жетпесе, анда бала начар тамактангандыктан организминин начарлап жаткандыгын билдирет. Негизги жана кошумча азыктар

 

Дүйнө жүзүндөгү элдердин басымдуу бөлүгү бир өңчөй, арзан азыктарды жешет. Жашаган аймагына жараша, күрүч, жүгөрү, таруу, буудай, картошка болушу мүмкүн. Мындай негизги азыктар адатта денени күндөлүк азыктар менен гана камсыз кыла алат. Бирок ага карабай кошумча азыктар абдан керек. Аларды күндөгү негизги азыктарга кошуп керектөө керек. Негизги азыктарга өсүмдүк майы, шекер, бал сыяктуу дененин өсүшүнө пайдалуу жана жогорку сапаттагы азыктарды пайдалануу керек.

 

1.Колдон келишинче, буурчак, сүт, жумуртка, жер жаңгак, балык жана эт сыяктуу организмдин өсүшүнө жардам берүүчү азыктарды тамак-аш катары ар күнү колдонуп туруусу зарыл.

 

2.Кызгылт-сары же сары түстөгү мөмөлөр менен жер жемиштер сыяктуу организмди ар түрдүү оорудан коргоочу азыктарды да пайдаланып турууну эстен чыгарбоо керек. Мындай тамак-аш денени керектүү витаминдер жана минералдар менен камсыз кылып турат. Эгерде, кубат берүүчү азык заттарды керектүү өлчөмдө ала электе, бала тамактан баш тартса, анда ал арыктап, алсырай баштайт.

 

Туура тамактануу ден соолукту чыңдайт

Үйдөгү дасторкон үстүнө коюлган тамак - аштар, үйбүлө ден соолугун чыңдай тургандай болуш керек. Башкача айтканда, витаминдерге, минералдарга, белок ж.б. бай болушу керек. Ар бир кожойун үйүнө белгилүү азыктарды алып жатканда кайсыл азыктын, кандай пайдасы бар экендигин жакшы билип алуусу керек. Ошондой эле көңүл буруучу дагы бир маселе, алынган тамактын калориясы. Алынган азык - түлүктөрдүн сырттында жазылган калориясына көңүл буруу керек. Албетте, калориясы жогору болгон азыктарды алуу керек. Калория адамдын алсыроосуна жол бербейт. Бирок азыркы демократия убагында көптөгөн сатылып жаткан азыктардын, сырткы көрүнүшү гана өзгөрбөсө сапаты жактан өзгөрбөй жатат.

 

Узак жашоо өзүбүздөн

Сиздин өмүр жашыңыз жашоодо оптимист же пессимист болушуңузга да байланыштуу экен. Айланаңыздагы адамдарга көбүрөөк жылуу сөз менен жылмаюу тартуулаңыз, өзүңүздүн да маанайыңыз жаркын болуп, жашооңуз көңүлдүү өтөт эмеспи. Ал эми тамеки чегүү, зыяндуу адаттар менен алек болуу албетте сиздин ден соолугуңузга зыян гана алып келет. Америкада маселен, тамеки чегүү дээрлик жокко эсе. Ал жакта тамеки чеккендер үчүн жумуш ордун табуу өтө кыйын. Ошондуктан айрым жаштарыбыз кеч боло электе зыяндуу адаттарды өзүбүздөн алыстатып, ыймандуу, адептүү болсок.