Туура үтүктөөнүн жолдорун билесизби

Туура үтүктөөнүн жолдорун билесизби

-Эгер ысык үтүктүн бетине полиэтилен пакети жармашып калса, аны төмөнкүдөй кылып тазалаңыз: Алгач үтүктүн муздашын күтүңүз. Анан лак кетирүүчү суюктук менен сүртсөңүз, үтүгүңүз өз калыбына келип калат. 

 

-Үтүктүн булганган бетин эч качан бычак менен кырбаңыз. Кадимки эле аш тузун кагаздын үстүнө төгүп, ысытылган үтүктү тузга жакшылап сүртүңүз. 

 

-Таза жуулган кийимди гана үтүктөңүз. Жуулбаган кийимди үтүктөсөңүз, ал кийимиңизде так калып, кийин тактын кетиши кыйын болуп калат.

 

-Өтө кургак кийимдин бырышын кетириш кыйын. Андыктан, мындай кийимди үтүктөөр­дүн алдында ага бир аз суу бүркүп алыңыз. 

 

-Оңдон солду көздөй жана кийимдин кенен бөлүгүнөн тар бөлүгүнө карай үтүктөө туура болот. Ошондой эле туурасынан эмес, узунунан үтүктөө талапка ылайык. 

 

-Кийимди таза кургаганга чейин үтүктөңүз. Болбосо ал кайра эле бырышып калат.

 

-Синтетикадан даярдалган кийимдерди такыр эле үтүктөбөй койгон туура. Эгер бырышып калган болсо, анда аны жылуу үтүк менен гана бир аз үтүктөп коюңуз. 

 

-Ачык түстүү кийимдерди сырткы бетинен үтүктөңүз, ал эми күңүрт түстүү кийимдерди ички бетине оодарып үтүктөгөнүңүз талапка жооп берет. 

 

-Эркектердин көйнөгүн төмөндөгүдөй тартипте үтүктөө туура. Алгач оң жеңин, анан жакасын, сол жеңин, андан соң далысын, артын, жандарын, эң акырында алдын. 

 

-Үтүктү үтүктөп жаткан кийимдин бир эле жеринде кармап тура бербеңиз. Антсеңиз кийимге үтүктүн изи түшүп калат. 

 

-Үтүктөп жаткан кийимиңиз канчалык жука болсо, астына салынган буюм ошончолук калың болуусу керек.

 

-Жакшы ысыбаган үтүк ак кездемеге сары тактарды калтырып коёт.

 

-Үтүктөлгөн кийим жылтырап калса, сууланган таза кездеме менен бир сыйра сүртүп, андан кийин үстүнө марля коюп дагы бир жолу үтүктөп коюңуз.