Тууган-туушкандын аталышы

Тууган-туушкандын аталышы

Куда-кудагый -  үйлөнгөн жаштардын ата-энеси

Кайната  - күйөңүздүн, аялыңыздын атасы

Төркүн - келиндин үй-бүлөөсү, туугандары

Жар - аял-күйөө

Жеңе -  ага бир туугандын жубайы

Кайын-журт -  үй-бүлөө күткөн адамдын аялынын же күйөөсүнүн туугандары

Кайни -  аялдын күйөөсүнүн иниси

Жеңе -  келинчегиңиздин улуу абысыны

Бөлө -  эже-сиңдини балдары

Өкүл ата, өкүл эне -  жаш жубайларга үлгү катары шайланган үй-бүлө

Бел куда -  наристе төрөлө электе кудалашып койгондор

Кудача -  үйлөнгөн жаштардын кыз бир туугандары

Абысын -  ага-инилердин жубайлары

Кич күйөө -  кайындары менен жашаган күйөө

Таяке -  апаңдын ага-инилери

Бажа -  бир тууган кыздардын күйөөлөрү

Жото -  бешинчи ата

Таяке-жээн -  эркек жана кыз бир туугандын балдары