Туш кийиз жасоо

Туш кийиз жасоо

Туш кийиз жасоодо алгач анын сөлөкөтү кергичке керилип, бетине сүт же самын менен көчөт түшүрүлөт. Алар илме шибеге менен бутактанта сайылат. Сайма сайылып бүткөндөн кийин башы, эки жаны менен «П» формасында бириктирилип, ортолугу салынып, жээктелет.

Так ортосу четинин өңүнө карата тандалат. Чет тарабы кандай кебезден болсо, ошол эле материалдан дал ортосуна тумарча орнотулат. Жээги саймаланбай ийректелип, кара, кызыл, көк, жашыл түстөгү калың жердик менен 5-7см жээктелет. Ал ийрек же ромб түрүндө шырылат.

 

Туш кийиз сайууда башына эки курдай кызыл жиптен жол жүгүртүп, анын ортосуна жарым бадам оюм толтура сайылат. Ага бир кат эле жип түшөт да кайрадан бир катар сары менен кызыл жиптер «аламончок» өңдөнүп кетет. Ортолугуна түшкөн көркөм көчөттөргө эки элидей төө өркөчтүү жарыш жүргүзүлүп, анын араларына сайма берилет.

 

Кызылга сары же ак өңдү айкалыштырса жарашыктуу көрүнөт.