Тиричилик буюумдары канткенде узак жашайт?

Тиричилик буюумдары канткенде узак жашайт?

ЭЛЕКТР ЧАЙНЕГИ

-Сууну мерчеминен ашык куйбаңыз. Кайнаганда ташып, ысытуучу бөлүгүнө кирип кетет да, ал бөлүктү иштен чыгарат.

-Капкагын бекем жабуу керек. Эгер чала жабылып калса, өзү автоматтык түрдө өчүп калбастан иштей берет.

 





Tirijilik buiumdar 1КОНДИЦИОНЕР

-Кондиционердин чыпкалагычына топтолгон чаң анын иштен чыгуусуна алып келет. Ай сайын 1 жолу чыпкалагычтарын чечип, тазалап туруңуз.

-Кондиционердеги фреон (ысык абаны муздатуучу жана муздак абаны ысытуучу суюктук) көрсөтүлгөн өлчөмүнөн төмөндөп кетсе, анын бузулушуна себепчи болот. Андыктан 2 жылда бир жолу сервистик борборлорго кайрылып, фреонду толтуртуп туруу керек.

-Кондиционер жакшы иштебей жатканын байкасаңыз, аны өз алдыңызча оңдоого аракет кылбаңыз. Ал үчүн сервистик борборлордогу адистерге кайрылыңыз.

 

Tirijilik buiumdar 2ҮТҮК

-Үтүктүн жөнгө салуучусун (регулятор) кийимдин этикеткасында көрсөтүлгөн режимге коюп үтүктөңүз.

-Үтүктүн суу куюлуучу бөлүгүнө чыпкаланган таза сууну же кайнатылган гана сууну куюу зарыл. Ал эми крандан алынган суу тазаланбагандыктан, үтүктүн ысытуучу бөлүгүндө кебердин пайда болушуна алып келет.

-Үтүктүн суу куюлуучу бөлүгүнөн башка бөлүктөрүнө суу кирип кетишине жол бербеңиз.

-Үтүккө толтура суу куюлса, ал буунун пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Андыктан өтө толтурбаңыз.

-Жерге кулап кетпегендей жайга коюңуз. Ошондой эле ток өткөрүүчү зымы жабыр тарткан болсо, аны жаңылоо керек.

-Үтүктүн таманында тактар пайда болсо, аны темир-тезек менен кырып тазалабаңыз. Сода аралаштырылган сууга чүпүрөктү малып, анан сүртүп тазалап койсо кетет.

 

Tirijilik buiumdar 3МУЗДАТКЫЧ

-Муздаткычты өтө жылуу жайга, жылыткычтын, терезенин жанына (күн нуру тийип турса) коюу болбойт. Анткени аба жылуу болсо, конденсатор тынымсыз иштей берет да, моторго күч келет. Дубалга такап коюу да туура эмес. Себеби конденсаторго аба эркин кирбей, анын иштешине тоскоолдук жаралат.

-Жаңы сатылып алынган муздаткычты орноткон соң бир нече сааттан кийин ичин ным чүпүрөк менен сүртүп, анан иштетүү зарыл.

-Муздаткычты тазалоодо электр тогунан ажыратуу керек. Музу тезирээк эрисин деп ичине ысык суу куюлган идиш салуу, бычак менен музду коңторуу туура эмес.

-Муздаткычтын камерасын тазалоодо сода кошулган сууну колдонуу керек. Ал эми камера алюминийден жасалган болсо сода колдонууга болбойт, аны жөн гана чүпүрөк менен сүртүп коюу жетиштүү.

-Чаң соргуч менен конденсаторду чаңдардан тазалап туруңуз.

-Муздаткычты узак убакытка иштетпей өчүрө турган болсоңуз, эшигин толук жаппоо керек.

-Муздаткычтын ичине ысык тамак куюлган идиштерди салбаңыз. Бул анын иштөөсүнө зыян алып келет.

 

Tirijilik buiumdar 4ЭЛЕКТР ПЛИТАСЫ

-Электр плитасын өчүргөндөн кийин анын конфоркасы ысык кезде муздак суу куюлган идишти коюуга болбойт. Ал конфоркада жараканын пайда болушуна себепчи.

-Конфорканын бетин толук жаппаган идиштерде дайыма тамак жасоо конфорканын күйүп кетүүсүнө жеткирет.

 

Tirijilik buiumdar 5ЧАҢ СОРГУЧ

-Чаң соргуч иштеп жаткан учурда аны жылыткычтын жанына жана күн нурунун алдына коюуга болбойт.

-Чаң чогултуучу бөлүгүн өтө толтуруп жибербей, бошотуп туруңуз.

-Аба алмаштырып туруучу бөлүгүндөгү чыпкалагычтарынын тазалыгын көзөмөлгө алыңыз. Болбосо аларга чаң толуп, кыймылдаткычын керектен чыгарат. Ошондой эле иштөө учурунда аба алмаштыруучу бөлүгүнүн үстү жабылып калбасын.

-Ичине суу кирип кетпегендей, кургак жайда турушу шарт.

-Иштеп жаткан учурда чаң соруучу түтүгүнө такалып кала тургандай буюмдардан этиятташ керек.

 



 

Tirijilik buiumdar 6МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШ

-Мешти тамактын калдыктарынан жана майлардан тазалап жатканда вентиляция жайгашкан бөлүгүнө суунун кирип кетишинен абайлаңыз.

-Ар дайым тамактын калдыктарын калтырбай тазалап туруңуз.

-Мешти тазалоодо курч, катуу материалдарды жана күчтүү химиялык жегич каражаттарын колдонбоңуз.

-Эгер мештин ичинде тамактын калдыгы катып, кетпей жатса, идишке лимондун ширесин куюп, 10 мүнөт максималдуу ысыктыкка коюп ысытыңыз. Андан кийин сүртүп тазаласаңыз бат кетет.

 

Tirijilik buiumdar 7КИР ЖУУГУЧ МАШИНА

-Кир жуугуч машинаны асты тегиз, түз жерге коюңуз. Бир аз жантайыңкы жерге коюлуп калса, иштөө учурунда ары-бери термелип, ички тетиктерине доо кетет.

-Көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз же ашыкча көлөмдөгү кир салуу кир жуугучка күч келтирет. Эгер бул эрежени сактабасаңыз, сыгуу режиминде кир жуугуч машина титиреп иштеп тетиктерине күч келет.

-Кийим-кечекти кир жуугучка салардын алдында чөнтөктөрүн текшерип чыгыңыз. Курч буюм болуп калса, кир жуугучтун барабанын, кир сууну төгүүчү насосун талкалайт.

-Өтө кичинекей көлөмдөгү кийимдерди (байпак, боо, жүз аарчы, кур өңдүүлөр) мүшөкчөгө салып жууган оң. Болбосо алар барабан менен цилиндрдин ортосуна кыпчылып калышы мүмкүн.

-Салмагы оор кирлерди жууп бүткөн соң колго сыгыңыз. Себеби оор болгондуктан, сыгуу режиминде кир жуугучка күч келип, бузулууга себепкер болот.

-Сыгуу учурунда мүнөтүнө 800 жолу айлануу режимин колдонгон туура. Ал эми 1000ден жогору айланган режимде кийим сыгуу кир жуугучка терс таасирин тийгизет.

-Суу ысыткычты (ТЭН) маал-маалы менен тазалап туруңуз. Бул үчүн атайын кебер кетирүүчү каражаттарды колдонуңуз.

-Өтө хлордуу, чыпкаланбаган жана жумшартылбаган сууну колдонуу да зыян.

-Кир жуугучтун сыртын тазалоодо күчтүү химиялык жегич каражаттарды жана этил спиртин жолотпоңуз.

 

Эскертүү! Электр жарыгы өчкөндө электр тогу менен иштеген буюмдарды токко сайгычтан ажыратып салыңыз. Себеби жарык берилгенде буюмдар күйүп кетиши мүмкүн.