Тамекини чекпей коюунун оңой жолдору

Тамекини чекпей коюунун оңой жолдору

Аллен Карр аттуу жөнөкөй эсептөөчү адам тамекини чекпей коюунун эң жөнөкөй жол-жоболорун таап чыкты. Мында адамдан кандайдыр бир көнүгүүлөрдү жасоо же дарылануу талап кылынбайт. Адамдын жаман адаттарына бир гана тамеки чегүү эмес, компьютердик оюндарга кызыгып кетүү, тырмагын кемирүү сыяктуу өнөкөттөр кирет. Мындайда адам өзүнүн эмне кылып жатканын жана мунун артында кандай зыян бар экенин толук кандуу түшүнө бербейт, түшүнсө да моюнга албайт. Аллен Каррдын жобосу боюнча мына ушул кемчиликтерди толуктоого мүмкүндүк жаралат. 


1- Алгач тамекини өз каалооңуз жок эле чегип алганыңызды моюнга алыңыз. Бул чечимди сиз эмес, сиз үчүн башка бирөө чечип койгон. Ар бир акылдуу адам өзүн өзү күнүгө уу менен ууландырууну каалабайт. Сизди башкалар буга үндөшкөн, жакшы көрүнөрүн айтып ынандырышкан, же сиз сыйлаган, ишенген адамдардын тамеки тартканын көрүп сиз да буга кошулгансыз. Бирок аларга кошулуу менен өз ден-соолугуңузга зыян келтирип, акча жана убакытты зыяндуу жакка коротуп жатканыңызды ойлоңуз. 


2- Тамекини таштоо менен сиздин эч нерсеңиз кетпейт экенин билиңиз. Анткени көпчүлүк мына ушул нерсени түшүнө албагандыктан коё албай келишет. Мисалы: кечелерде тамеки тартып эс ала албай калам, ой басканда жардамга келер жалгыз тамеким бар деп ишенишет. Чындыгында мындай эмес, анткени тамеки тартпаган адамдар деле кыйынчылыктарды жана кечелерди тамекисиз эң сонун өткөрүп келишет. Ушул нерсени толук түшүнө алсаңыз, тамеки таштоо оңой болот. Мүмкүн сизге тамекинин даамы жагат чыгар, мында алгачкы чегип көргөн көз ирмемдерди эске салыңыз, ошондо тамеки жакты беле? Жок, даамы да, жыты да жаман болчу. Анын даамы азыр деле өзгөргөн жок. Бирок сиз организмиңизди кыйнап, буга көндүрүп, өзүңүздү да ушуга тарбиялап койдуңуз. 


3- Тамекиңизди чегип бүтүп анын чыныгы даамын сезип көрүңүз, анын жийиркеничтүү даамы оозуңузга келет. Өзүңүзгө суроо бериңиз жана жооп алыңыз: эмнеге чегип жатам, кандай пайда табам, кандай зыян алам, жалпысынан бул сизге керекпи?,-деген сыяктуу суроолор. 


4- Чекпей коюуга аракет кылып жатып, акыркы тамекиңизди чеккенден кийин бирото таштоо үчүн атайын нерселерди: электрондук тамеки, сагыз, атайын никотин кошулмаларды колдонбойм деп өзүңүзгө убада бериңиз. 


5- Тамекини чекпей койгондон кийинки күндөрү башкаларды көрүп, же кичине нерв иштеткенде кайра чегүүнү каалайсыз, ушул кезде дайыма “Кудайга шүгүр, мен тамекини койдум, эми чекпейм!” деп айтыңыз. 


6- Чылым чегип жаткандарга эч убакта суктанбайм деп сөз бериңиз. Сук арткандын ордуна аларды аяп, байкуштар, эрки жок, бактысыз, оорулуу адамдар деп ойлоңуз.


7- Анан эң башкысы Кудай алдында күнөөгө батып жатканыңызды унутпаңыз. Тамеки тартып, Жараткан берген ден-соолукту талкалап жатканыңыз үчүн, убактыңызды текке кетирип жатканыңыз үчүн жана акчаңызды зыяндуу нерсеге жумшап жатканыңыз үчүн. Кудайдан ар убак жардам, эрк сурай жүрүңүз. 


Көпчүлүк адамдар тамеки койгондон кийин никотиндин организмге керек болгондуктан тарта турган кыйноосунан корккондуктан эле буга белсенишпейт. Бирок бул нашаны койгондон бир нече эсе жөнөкөй. Никотинге болгон талап физикалык жактан эч кандай өзгөрүүлөрдү, алсыздыкты жаратпайт. Никотинге талап албетте болот, бирок ал сиздин мээңизде гана. Муну бир таштагандан кийин бир да жолу улантпай койсоңуз каалоо бат өлөт.