Сулуу чачка ээ болуш үчүн эмне жеш керек

Сулуу чачка ээ болуш үчүн эмне жеш керек

Адамдын чачынын сулуулугу жеген тамагынан көз каранды. Айрыкча айымдар кундуздай кулпурган, бекем чачка ээ болууну самашат эмеспи. Төмөндөгү багыттардын арасынан чачыӊыздын түзүлүшүнө жараша ылайыктуу вариантты тандап алып, чачыӊыздын «ден соолугун» чыӊдасаӊыз болот.

 

МАЙЛУУ ЧАЧ

 

Организмдеги В витамининин жетишсиздиги баш терисиндеги май алмашуу процессин бузат. В витамини жаӊгактын бардык түрлөрүндө, дан Suluu chach1өсүмдүктөрү, сүт азыктары, жумуртка, жаӊы өнгөн буудай угутунда, буурчактын түрлөрү, көк чөптөрдө, сыра ачыткысында (пивные дрожжи) көп.

 




КУРГАК ЖАНА АЧАКЕЙ ЧАЧТАР

 

Suluu chach2Майлуу балыктын тунец, сардина, макрель, сёмга, сельдь сыяктуу түрлөрүн жеӊиз. Дан өсүмдүктөрү, жаӊгактын түрлөрү, зайтун жана өсүмдүк майы маселе чечүүгө жардам берет. Ошондой эле күнүнө 6-8 стакан суу ичүүнү унутпаӊыз.

 



 

ЭГЕР ЧАЧЫӉЫЗ АГАРСА...

 

Suluu chach3Трихологдор чачтын агарышы тамак-аштан көз каранды экенине орчундуу деле далилдерди келтиришкен эмес. Ошентсе да малдын боору, буурчактын бардык түрлөрү, кешью, жаӊгак, көк чай, темир камтыган витаминдүү азыктарды күнүмдүк тамак-аш менюӊузга кошуӊуз.

 



ЧАЧЫӉЫЗ КӨП ТҮШСӨ...

 

Suluu chach4Организмде темирдин жетишсиз болушу – чачтын жукарышына жана түшүшүнө алып келет. Малдын боорун, жумуртка, дан өсүмдүктөрүн, өрүк, алма жана сабизди көп жеӊиз. Чачтын сапаттуулугун протеин заты арттырат. Аны балык, кургатылган жемиштерден ала аласыз.

 



БОЗОРГОН ЧАЧТАР

 

Suluu chach5Бул организмдеги цинктин жетишсиздигинен улам. Ал үчүн деӊиз азыктарын, үй канаттууларынын эти, сулу акшагы, жумуртка жана сүт азыктары, буурчактын түрлөрүн, бадам данегин, банан, күнжүт жана ашкабактын уругун жеӊиз.

 

 

 

 

Гүлжан Асанкожоева

№655 22-май-28-май, 2015-ж