Мумиё – табият тартуулаган табылгыс дары

Мумиё – табият тартуулаган табылгыс дары

Мумиё – бул бийик тоолордо сейрек кездешүүчү табият тартуулаган чайыр түрүндөгү зат. Ал кара-күрөң, кээде кара түстө болот. Сырткы катмары жалтырак, даамы болсо ачуу. Мумиё көп сандаган ооруларга миңдин бири болуп эсептелинет. Анын курамында микроэлементтин 30 түрү, 28 химиялык элемент, бардык витаминдер, өзгөчө В витамини, эфир майы, ошондой эле аарынын уусу бар. Сапаттуу мумиё ысыктан эрип, а түгүл, суюк затка айланып кетет, сапатсыз мумиё болсо катуу бойдон тура берет. Мумиёнун кайдан пайда болору ушул күнгө чейин белгисиз. Белгилүүсү – аны деңиз деңгээлинен 2000-3500 метр бийиктиктеги тоолордун түштүк тарабындагы боорлорунан табууга болот.

 

Мумиё ден соолукта

Аллергияда

Мумиё аллергияны таза айыктырат. Ал үчүн 5 грамм мумиёнун порошогуна 0,6 грамм муздатылган кайнак суу кошуп аралаштырасыз. Эртең менен, кечинде тамактанардан 30 мүнөт мурда бир аш кашыктан ичесиз. Бул аралашманы ичкенден кийин бат-баттан дааратканага бара баштайсыз. Андан сырткары ошол суюктуктан кызарган жерлериңизге жатарда сүйкөп койсоңуз, эртеси өңү өчө баштаганы байкалат.

 

Бронхит, ангинада

Төмөндөгүдөй ыкманы колдонуу менен бул оорулардан биротоло айыгасыз: 3 грамм мумиёну 250 грамм кайнак сууга аралаштырып күнүнө 4 маал 1 аш кашыктан ичесиз. Бул ыкманы бир жума тынбай ичүү сунушталат.

 

Баш ооруда

Башыңыз дайыма талып ооруй берсе, бул ыкманы колдонуңуз: 0,5 грамм мумиёго 0,5 литр сүт жана 3 чоң кашык бал аралаштырып даярдап алып, эрте менен ач карын, кечинде жатардын алдында бир чоң кашыктан ичиңиз. Бул ыкманы 25 күн ичип, 10 күн эс алып, кайрадан курсту кайталаңыз.

 

Иммунитетти жогорулатууда

Иммунитетти жөнөкөй ыкма менен 20 күндүн ичинде көтөрүүгө болот. Ал үчүн 8 грамм мумиёго 3-4 тамчы суу кошуп коюу абалга келгенче аралаштырасыз. Андан кийин таза балдан 500 грамм кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашмадан тамактын алдында 3 маал ичип туруңуз. Дайыма муздаткычка коюуну унутпаңыз. 20 күн ичип, 10 күн эс алып, кайра кайталасаңыз болот.

 

Mumio Kenesh 2 Mumio Kenesh 3

 

Мумиё сулуулукта

 

Азыктандыруучу маска

2 грамм мумиёго 1 чай кашык суу жана 20 миллиграмм сүт, 1 чай кашык таза бал, 1 жумуртканын агын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Бул аралашманы бетке сүйкөп 30 мүнөт коёсуз. Андан соң жылуу суу менен жууңуз. Бул ыкма бетти азыктандырып жылмакай абалга алып келет. Жумасына бир жолу жасоо жетиштүү.

 

Агартуучу маска

Бетти агартууда мумиёнун жардамы таасирдүү. Дарыканада сатылган мумиёнун эки таблеткасын бир чоң кашык кайнак сууга салып эзесиз. Анан балдардын бет майы же нымдандыруучу бет майдан кошуп коюуланганча аралаштырасыз. 15 мүнөт тыныктырып коюңуз. Андан соң бет майды бетиңизге сүйкөп 30 мүнөт жатыңыз. Жумасына 3 жолу жасаган жетиштүү. Эки жумадан кийин бетиңиз нурданып агарып калганын байкайсыз.

 

Ашыкча салмактан арылуу

Мумиё организмдеги майларды жоготуп ашыкча салмактан арылтат. Ал үчүн 0,5 грамм мумиёну 1 стакан сууга аралаштырып эрте менен ач карын, кечинде тамактан кийин ичиңиз. Бул ыкма 20 күнгө сунушталат. Эгерде натыйжасы байкалбаса, 5 күн эс алып, кайра кайталасаңыз болот.

 

Чачка пайдасы

Мумиё чачты түшүүдөн, какачтан арылтып, жалтыратып өңүн кулпуртат. Кадимки өзүңүз колдонгон шампунга 2 грамм мумиёну кошуп аралаштырып дайыма пайдалансаңыз натыйжасын берет.

 

Безеткиге

Мумиё тери оорулары, анын ичинде көйгөйгө айланган безеткинин биротоло айыгуусуна жардам берет. Бир аш кашык муздатылган кайнак сууга 1 чай кашык бал жана 0,5 грамм мумиёну аралаштырып 30 мүнөт тыныктырып коёсуз. Андан кийин безетки чыккан жерлерге сүйкөп 15 мүнөт кыймылдабай жатыңыз. Анан жылуу суу менен жууп коюңуз.

 

Эскертүү:

Жогоруда айтылган ыкмаларды колдонууда мумиёнун көлөмүн туура, так кошууну унутпаңыз. Айтылган мөөнөттөн ашырбаңыз, болбосо терс таасирин бериши мүмкүн.

 

Кимдерге сунушталбайт

– Кош бойлууларга;

– 12 жашка чейинкилерге;

– Онкологиялык ооруга чалдыккандарга;

– Этек кири келип жаткан учурда;

– Артериялык кан басымы жогоруларга.