Мантыны түрлөп түйөбүз

Мантыны түрлөп түйөбүз

Манты – көпчүлүгүбүздүн сүйүктүү тамагыбыз. Анын эт, картошка, ашкабак, жусай жана башкалар менен жасалган түрлөрү бар экени белгилүү. Курамы бирдей болгону менен, бирөөнүн жасаган мантысы экинчисиникине окшошо бербейт. Мунун себеби мантынын түйүлүшүндө. Төмөндө манты түйүүнүн ыкмалары.

 




 

Manty turlor 2РОЗА

 

Камырдын формасы – тегерек

1. Камырды чоң жана кичирээк стакандардын жардамы менен тегерекче кылып кесип алабыз.
2. Ортосуна фарш салып, экиге бүктөп четтерин бекитүү керек.
3. Алгач кичинекей, анан калган эки мантыны анын сыртынан кучакташтырып бекитиңиз.

 

Manty turlor 3МАНДАЛАК

 

Камырдын формасы – төрт чарчы

1. Фарш салынган камырдын карама-каршы эки учун бириктиребиз.
2. Эми калган эки учун да бириктирүү керек.
3. Эми мантынын ич жаккы учтарын чымчып бекитип чыгуу зарыл.

 


 

 

 

Manty turlor 4







 

Manty turlor 5ЖАЛБЫРАК

 

Камырдын формасы – тегерек

1. Камырды кичинекей бөлүкчөлөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
2. Анан фарш салынган камырдын четинен кармап, эки жагын алмак-салмак бекитүү керек.
Эскертүү! Түйүп келатканда камырдын ортосунан токтотуп, кайра экинчи учунан баштап четтерин бекитип коюуга болот.

 




 

Manty turlor 6





 

Manty turlor 7





 

Manty turlor 8АЛТЫН БАЛЫК

 

Камырдын формасы – тегерек

1. Камырдын бир четинен жака сымал кайрып алыңыз.
2. Ичине фарш салынган камырдын четтери сүрөттө көргөзүлгөндөй бекитилет.
3. Балыктын куйругун жасоо үчүн тиш чукугучту пайдаланып из салып, анан камырды тилип, учтарын чымчып коёбуз.

 

Manty turlor 9





 

Manty turlor 9 1.




 

Manty turlor 9 2ҮЧ БУРЧТУК

 

Камырдын формасы – тегерек

1. Фарш салынган камырдын үч четин бириктирип бекитип алыбыз.
2. Бардык четтери бүйрүлүп бекитилет.
Эскертүү! Камырды майда тегерекчелерге бөлүп жаюу керек. Себеби учтары кайрылбагандыктан, мантыңыз эбегейсиз чоң болуп калышы ыктымал.

 

 

Manty turlor 9 3






 

КАМЫР ЖУУРУУНУН СЫРЛАРЫ

 

-Камырга жумуртка кошуп жуурубай эле койгон оң. Анткени бул учурда камыр катуу болуп калышы ыктымал.
-Суунун ордуна сүзмөнүн же айрандын сары суусун кошуп жуурусаңыз, камыр оозго салса эрип кетчүдөй назик болот.
-30-40 мүнөт тыныккан камыр жакшы жайылат.