Кызыңызга жашынан үйрөтө турган эрежелер

Кызыңызга жашынан үйрөтө турган эрежелер

Кыз – келечекте жар, балдарга тарбия берүүчү эне. Андыктан үй-бүлөдө уул балага салыштырмалуу кызды тарбиялоо ата-эне үчүн өзгөчө маселе жаратат эмеспи. Кызыңызды тарбиялоодо төмөнкү кеңештерди да айта жүрсөңүз ашыкча болбойт.

 

1. Биринчи кезекте өзүңдү сүй.

2. Жакшы дос таап, аны менен мамилеңди үзбө. Досуң сенин ким экениңди айтат.

3. Кийим сени бактылуу кылбайт.

4. Бирөөнүн артынан сүйлөбө, бирок сен жөнүндө айтылчу ушактарга даяр бол.

5. Көйгөйгө кабылышың жашооңдун бүтүп калышы эмес, андыктан өзүңдү таштаба, башты көтөр.

6. Башкаларды өзүңө салыштырба, анткени алар да сендей боло алышпайт.

7. Канчалык берилип бирөөнү сүйсөң да, өзүңдү жоготпо.

8. «Жок» деген сөздү үйрөн жана аны айтуудан коркпо.

9. Эч качан эркектин артынан чуркаба, ал өзү сени тапканы туура.

10. Сага карата айтылган жакшы сөздөрдү кабыл ал жана аларга ишен.

11. Дайыма чынчыл бол.

12. Жашоодогу ролуңда өзүңдүн бактылуу экениңди бил.

13. Колуңа кандай китеп тийсе да оку. Билим бул – күч кубат.

14. Жашоодо жаңылгандан коркпо, ошол жаңылыштыгың сага сабак болот.

15. Бирөөгө жакшылык кылганыңды милдет кылба, жакшы иштер бакыт тартуулайт.

16. Ар дайым ички туюмуңа ишен.

17. Сылык бол.

18. Сенин сөзүңө караганда, жүрүш-турушуң ким экениңди айтып турат.

19. Кечирим сураганды адат кыл, биринчи кечирим сураганың сенин алсыздыгыңды билдирбейт.

20. Жашоо бүгүнкү күндөн гана турат. Учурунда татыктуу жашап ал. Бүгүн сенде баары бар, андыктан жөн гана бактылуу жаша.