Кыз келиндер учун пайдалуу кеңештер

Кыз келиндер учун пайдалуу кеңештер

Каакымдын сабагы

Каакымдын сабагын алып кургатасыз. Анан майдалап кесип, айнек банкага жарымына чейин саласыз. Устуно ак май (пахта май) куюп, бир-эки апта коё турасыз. Андан сон бетмай ордуна суйконо берсениз болот.

 

Роза гулунун желекчелери

Эмаль кружкага толгончо роза гулунун желекчелерин салып, устуно ак майды куясыз да сууга 2 саатча коёсуз. Бул дагы озунчо бет учун эн жакшы бетмай катары колдонулат.

Бадыран беткабы (маска)

Сургучко бадыранды майдалап суртуп ага жумуртканын 1 агын (аш кашык) куясыз. Кургак бет учун каймак жана жумуртканын сарысын кошсо болот. Анан аны аралаштырып бетке жаап 20 минуттай жата турасыз. Жылуу суу менен жууп, муздак суу менен бетинизди чайкап койсонуз болот.

 

Жаны кызылча беткабы (маска)

Жаны кызылчаны алып сургучко майдалап суруп бир чай кашык кызылчага бир чай кашык каймак, жумуртканын сарысын аралаштырасыз. Андан кийин бетинизге жаап, 20 минуттай жата турасыз да, жылуу суу менен жууп саласыз.

 

Жер-жемиш беткабы (маска)

Бир чонураак кулпунайды, 2-3 малинаны алып эзип, устуно бир чай кашык каймакты куюп жакшылап аралаштырып, бетинизге жабасыз. Муну деле жогорудагыдай 20 минутча кармасаныз болот.