Кыргыз салттары

Кыргыз салттары

Үйлөнүү үлпөтү.

 

Кайсы элде болбосун ата-эне балдарынын келечеги, жакшы жашоосу жөнүндө ойлонот, кам көрөт. Кыргыздар балдарын үйлөндүрүүнү ата-эненин милдети катары эсептейт. Алар өздөрүнө тең адамдар менен куда болууга аракеттенген. Ылайыктуу кызды тандап алган соң сөйкө салышкан. Кудалашкан тараптар бири-бирин урматтап сыйлашат, болочок жубайлар үчүн кам көрүшөт. Мезгил өтүп той болчу күн белгиленет. Кыздын төркүнү кызды узатууга даярданышат. Кыз төркүнүнөн узар күнү берилүүчү үлпөт той «Кыз тою» деп аталат. Кыздын жакшы көргөн жеңелери анын чачын экиге бөлүп өрүп, азем жасалгаларын тагышат, кооз шөкүлөнү кийгизет.

 

Бул кечеде эки тараптын жаштары көңүл ачышат, түрдүү үлпөт ырлары ырдалат. Ар кандай оюндар (ак чөлмөк, кур таштамай) ойнолот. Жаштар «Жар-жар» айтышат. Кызды жеңелери, жакын курбулары коштоп жүрүшөт. Колуктунун жүзүн үлпүнчөк менен жаап коюшат. Салт боюнча колукту­нун бетин ачып көрсөткөндө, анын жеңелерине күйөө тараптагылар көрүндүк берүүгө тийиш. Кыздын эне-атасы, жакындары ак батасын берип узатышат. Кайын журтун сыйлап, урматтап жүрүүгө үндөшөт. Кыздын энеси, чоң энеси, жеңелери кыз менен коштошуп, кошок айтышат.

 

Мисалы:
Жар башынан от көрсөң,
Жалындатпай өчүргүн.
Жаман-жакшы сөз уксаң,
Күлкү менен кечиргин.

 

Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылат. Жаңы келген келинди чачыла (боорсок, конфет, тыйын) чачып тосуп алышат. Ал эки жаштын өмүрүнө молчулук тилөөнү билдирген. Кыздын башындагы шөкүлөнү алып, кайненеси ак жоолук салат, келинди ак көшөгөгө киргизишет. Жоолуктун түсү- ак никенин символу. Ошондуктан келинге «Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн», «Көшөгөңөр көгөрсүн!» деп бата берүү салтка айланган. Той өткөнчө келин көшөгөдө отурат, жанында кайын сиңдилери отурушат. Келин көргөнү келген аялдар анын башына жоолук салышат, же көрүндүгүнө акча беришет. Келин күйөөсүнөн улууларды жүгүнүп тосуп алат; жүгүнүү, биринчиден, учурашууну, саламдашууну билдирсе, экинчиден, улууларды урматтоонун, сыйлоонун белгиси болуп саналат.

 

Мусулман дини боюнча жаңы үйлөнгөндөргө нике кыйылат. Молдо чыныга таза сууну куйдуруп алып, ага дуба түшүрөт. Күбөлөр аркылуу молдо жубайлардын бири-бирине баш кошууга макулдугун сурайт. Никелешүү макулдук берилгенден кийин гана молдо аларга нике кыят. Жаңы үйлөнгөндөргө никелешкен күнү өкүл ата, өкүл эне шайланат. Аны келиндин кайната, кайненеси көңүлү жакындарынан тандап алат. Өкүл ата, өкүл эне жаңы үй-бүлөгө кеп-кеңештерин айтып, үй-бүлөлүк турмушту туура алып кетүүгө ар дайым көмөкчү болушат.

 

Кыз ала качуу - никелешүүнүн түрү.

Кыз ала качууда куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе, бир аз калың төлөнгөндөн кийин жигит кыздын макулдугу менен кызды ала качкан. Жигиттин атасы урукташтарынан киши ээрчитип,кыздын атасынын алдына түшкөн. Эки тарап жарашкандан кийин никелешүүнүн салттуу ырымдары улантылган. Кыз ала качуунун дагы бир себеби, кыздын ата-энеси кыз каалаган жерине барууга каршы чыгышса жана келген жуучуларга макулдугун беришпесе, жигит кыздын макулдугу менен ала качкан. Кудалар бири-бири менен жарашкандан кийин калың төлөнгөн. Кыз ала качуунун мындай түрү оокаттуу, урук-туугандуу бүлөлөрдө жолуккан. Улуттук салтта кыздын макулдугусуз эч убакта кыз ала качуу болгон эмес. Эгерде кыздын макулдугу жок ала качуу жүргүзүлсө, урук, уруулардын ортосунда жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Кыз ала качуу улуттук никелешүүдө өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш болгон.

 

Кудалашуу – никелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу.

 

Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда.

Бел куда – төрөлө элек балдарды (боюнда бар кезде) келечекте баш коштуруу үчүн убадалашуу;

Бешик куда – кичинекей, бешиктеги мезгилинде кудалашуусу;

Кайчы куда – кыз алышып, кыз беришүү.

 

Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси, же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине, же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Кудалашуу учурунда кыздын, же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.

 

Калың - үйлөнүү үлпөтүндө колдонулуучу ырым. Калың никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта калың катары жамбы төлөшкөн. Мал менен төлөгөндө тогуздап эсептелген. Калың төлөөдө коомдогу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Себеби, калыңды толук бойдон өз убагында оокаттуу, мал-жандуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр калыңды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт боюнча кудалашууда бычылган калың толугу менен же бөлүк-бөлүк болуп төлөнгөн. Калың төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлө башталган. Калың төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уругуна төлөнгөн. Кийинчерээк мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө душар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.

 

Сеп - турмушка чыккан кыз өзү менен чогуу ала кетчү кийимдери, эмеректери. Салттуу үйлөнүү үлпөтүндө кызды узатууда себин кошо берүү эң кыйын шарттардын бири болгон. Сеп калың төлөгөндөн тартып даярдала баштаган. Негизинен кыз бала эс тарта баштаганда анын энеси себине деп алдын-ала буюмдарын, эмеректерин топтой берген. Калыңдын өлчөмүнө жараша сеп даярдалган. Иш жүзүнө келгенде сеп калыңдан ашыгыраак болгон. Септин курамына боз үй, жууркан-төшөк, жасалгалар, тиричилик оокаттары, шуру, сөйкө жана башкалар кирген. Септи берүү жүк көргөзүүдөн башталат. Атайы тигилген боз үйдүн ичине кыздын себи коюлат. Күйөө тарап септи көргөндөн кийин кыз узатуу башталат. Сеп кыздын менчиги бо­луп эсептелип, андагы буюмдар өзү жашаган үйгө коюлган.

 

«Ата салты, эне адеби» китебинен