Курут даярдоо жана куруттун түрлөрү

Курут даярдоо жана куруттун түрлөрү

Курут – актан жасалган аш болумдуу даамдарды жараткан орто азиялык көчмөн элдердин эң сүйүктүү азыктарынын бири. Курсак ачканда күч-кубат берет жана ден соолукка да пайдасы зор. Куруттун курамы темир, магний, калий жана кальций сыяктуу керектүү заттарга бай. Андыктан көздүн көрүүсүн жакшыртат, жаш балдардын боюнун өсүшүн камсыздап, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле иммунитетти көтөрүп, клеткалардын жаңыланышына жардам берсе, жаракат алган жерде кандын уюп калуусуна жол бербейт. 100 грамм курутта 260 килокалорий бар.


Курут даярдоо:

Күнгө жайып кургатылган курут даамы жана витаминдүүлүгү жагынан көлөкөдө кургатылган курутка караганда төмөн болуп калары талашсыз. Негизи, курутту көлөкөдө кургатуу сунушталат. Ал эми учурда микротолкундуу мешти, духовканы колдонуу менен курутту 20-30 мүнөттүн ичинде кургатууга болот. Алардын ичине сүзмөнү өтө чоң эмес көлөмдө (жаңгактай болсо болот) тоголоктоп же кыска-кыска таякча кылып сырты кызарганча кармоо зарыл. Даяр болгон куруттун кургатылган куруттан айырмасы болот. Бирок даамдуулугу жагынан кем калышпайт.

 

Куруттун түрлөрү:

 

КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 1 кг Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Сүзмөгө тузду тегиз сээп, аралаштыруу зарыл. Аралаштырып алгандан кийин көлөмүн жаңгактай кылып тоголоктоп, көлөкө жерде кургатат.

 

МАЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 1 кг Каймак (же 150-200 грамм каймак май) – 200-250 грамм Жаңы айран – 500 грамм Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Сүзмө менен айранды чогуу бир кайнатып алуу керек. Андан соң каймак (же каймак май) жана туз кошулуп аралаштырылат. Даяр болгон массаны бир аз муздатып алып, тоголоктоп, көлөкө жайда кургатуу кажет. Май курут өзүнүн аты айтып тургандай эле өтө майлуулугу, даамы жана жумшактыгы менен башка куруттардан айырмаланып турат.

 

КАЙНАТМА КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 2 кг Айран – 500 грамм Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Сүзмөнү, айранды жана тузду аралаштырып казанга салып, жай отто 30-40 мүнөт кайнатуу керек. Сүзмө коюуланып калганда оттон чыгарып, муздатылат. Андан соң тоголоктоп, көлөкө жайда кургатылат.

 

ЧИЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 1 кг Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Сүзмөнү туздап, согулган чийге ороп кургатышат. Кургаган соң курутта чийдин издери жол-жол болуп түшүп калат. Бул дасторконго коюуда көрк берүү үчүн жасалат.

 

ЭЖИГЕЙ КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Эжигей – 1-1,5 кг Айран – 1 литр Каймак – 200-300 грамм Сүзмө – 1-1,5 кг Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Алгач эжигейге жогорудагы азыктардын баарын кошуп, аралаштыруу зарыл. Андан кийин жай отко коюп, өтө коюу болгончо кайнатып алып, кайра муздатат. Кийинки кадам тоголоктоп көлөкө жайга кургатуу менен аяктайт. Эжигей курут кымбат баалуу жана даамдуу чүйгүн тамак-аштардын катарын толуктайт. Себеби 1,5 килограмм эжигейди даярдоо үчүн 5 литр койдун сүтү керектелет.

 

ИРИМЧИК КУРУТ

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 1 кг Быштак – 1 кг Айран – 1 литр Каймак – 200-300 грамм Татымга жараша туз

Даярдоо ыкмасы: Даярдалышы эжигей куруттукуна окшош. Иримчик – эжигей сыяктуу өтө баалуу жана даамдуу азык. Илгери колунда бар адамдардын тамагы болуп келген. Иримчик –койдун сүтүнөн жасалган быштак. 5 литр койдун сүтүнөн 1,5 килограммдай гана иримчик чыгат.

 

БӨРҮ КАРАГАТ КОШУЛГАН КУРУТ

Бөрү карагат менен жасалган курут кан басымды жөнгө салып, бөйрөк ооруларын алдын алат.

Керектелүүчү азыктар: Сүзмө – 1 кг Бөр карагат – 100 г, Туз – татымга жараша.

Даярдоо ыкмасы: Бөрү карагатты сүзмөгө кошуп, жакшы аралыштырып, аны сүрөттө көрсөтүлгөндөй эт туурагычтын жардамы менен жасаш керек. Бөрү карагаттын ордуна ошондой эле көлөмдө чычарканакты кошуп жасаса да болот.