Курмандык чалууда эмнени билуу керек

Курмандык чалууда эмнени билуу керек

Курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союулган мал курмандык болуп саналат. Курмандык деген сөздүн мааниси "жакын болуу, Жаратканга жакындоо " -дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Аллах Таалага жакын болуу үчүн Курбан Айт күнүндө союулуучу жандык "курбандык"-деп аталат. Курмандык Айт намазы окулуп бүткөндөн кийин союлат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) "Кимде ким намаздан илгери жандык сойгон болсо, дагы кайрадан (башка жандык) сойсун" –деп айткан. (Муттафакун алайх)

 

Курмандыктын жүйөлүү себептери

Айт күндөрү бей-бечара мусулмандарга ырайым кылуу соопту иштерден болуп, дин жөрөлгөлөрүн урматтоо жана даңазалоо ыймандын белгиси. Адам баласынын бул жакшылык иши менен ыйман күч алат. Мал жандыктарды бизге моюн сундуруп бергени үчүн Аллах Таала: "Эми андан жегиле жана кембагал бей-бечараларды ырыскыландыргыла. Аны силерге моюн сундуруп койдук, кана эми шугур кылсанар! Аллага анын (курбандыктын) эти дагы, каны дагы жетпейт, бирок, Ага силер тарабынардан болгон такыба (гана) жетет." –деп айткан (Хаж, 36-37).

 

Курмандыкты кимдер чалат?

Курмандык чалуу акылы жайында, эркин, жолоочу болбогон жана динибизде бай деп эсептелген мусулмандарга важип. Бай деп эсептелүү үчүн ар кандай муктаждыктарынан тышкары 80г алтынга же буга тете акчага же байлыкка ээ болушу керек. Бир үй-бүлөдөгү бай деп эсептелген милдеттүүлөрдүн (балакатка жеткендер) ар бири бирден Курмандык чалуусу милдеттүү. Курмандык чалуу ибадаты курмандыкка чалынган мал-жандык аркылуу ишке ашат. Курмандык чалганда жандыкты союп, кан агызуу керек. Болбосо, курмандык чалуу ибадаты аткарылбаган болуп эсептелет. Мындан тышкары кылынган нерселерге курмандык деп айта алабыз. Ал эми Курман Айт майрамында союулуучу мал-жандыктын ордуна анын акчасын колунда жокторго берсек, курмандык чалуу ибадатын аткарбаган болобуз.

 

Курмандык чалуунун мөөнөтү?

Курман Айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү курмандык чалууга болот. Курмандыкты биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык Айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын буйругу. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.

 

Курмандыкка чалынуучу мал-жандыктар

Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат. Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттарды эске алуубуз зарыл: Кой-эчки 1 жаш болушу абзел. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек. Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок, өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт

 

Ортоктошуп курмандык кылуу

Кой-эчкиден бир гана курмандык болот. Аны бир гана киши чалышы керек. Ал эми уй жана төө түрүнөн болсо эң көп жети курмандык болмокчу. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип сойууга болот. Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Эгер араларынан бири эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат. Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.

 

Имама Саракси Ал-Ханафи айтты: Жети киши биргелешип (шерик болуп) Төө, Уй жандыктарын Курбандыкка сойсо болот. шериктиктин саны жети кишиден ашпоосу керек. Эгер жети кишиден ашып кетсе биргелешип (шерик болуп) Курбандык союу дурус болбойт.

Имама Абу-Ханафи мазхабы боюнча: Биргелешип (шерик болуп) Курбандык союучулардын барынын ниети бир гана Курбандык союуу Аллага жакындоо болуш керек. Эгер Курбандык союуда шериктердин бирөөсүнүн ниети үй бүлөөсүнө эт алуу же алардын ичинде Христян (Насаро) болсо анда алардын баарынын Курбандыгы жарабайт.

 

Курмандык чалынууда эмнелерге көңүл буруубуз маанилү?

Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алып баруу кажет. Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү сойот. Малды сойо турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» -деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт: «инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил- ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам сүрөсү, 162). Аяттын мааниси: “Окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок”-дегенди түшүндүрөт.

 

Kurban ait 2