Кудайы өткөрүүнүн себептери

Кудайы өткөрүүнүн себептери

Кудайы өткөрүү – үй-бүлөнүн жакын туугандары кайтыш болсо, же бир кырсыкка учураса, ооруп-сыркап ооруканадан чыкса, ал үйдө союш союлуп, эл чакырылып өткөрүлөт. Анда келген адамдар куран окушуп, тиешелүүлөргө жакшы каалоолор айтылат.

 

- Ал эми ооруп-сыркап калгандарга: “Мындан ары ооруба, жакшы болуп кеткиле”, – деп тилек айтышат.

- Кокус кырсыкка кабылса: “Кудай сактаптыр, өмүрүң узун болот экен, эми үй-бүлөңөрдө тынчтык болсун...” – деген каалоолор айтылат.

 

Кыскасы, кудайы өткөрүү деле Алланын ыраазычылыгына багытталат, аруу тилектер айтылып бата берилет. Кудайы өткөрүүнүн (тилөөнүн) жамааттык да түрү бар. Эгерде жазда жамгыр жаабай, кургакчылык болсо, же болбосо оор кыш болуп, эл абдан кыйынчылыкка кабылса, же катуу зилзала, сел болуп, жаратылыш кырсыктары элди оор абалга алып келгенде да эл бир чечимге келип, союш союу менен жараткандан жакшылык тилеп “элдик кудайы” өткөрүлөт. Бул иш-чарага бардык үй-бүлө мүчөлөрү катышууга укуктуу.

 

Кийинки мезгилдерде мындай “элдик кудайыларды” эл ичинен чыккан ишкерлер бардык чыгымын көтөрүп өткөрүп келишет. Эл андайларга ыраазычылык билгизип, бата берет. Бул эки иш-чара катмы да, кудайы да элдин бүтүндүгүн, ынтымагын, эриш-аркак болуп жашоо кечирип жатканын, негизинен, өзүнчө өзгөчө эл экенибизди аныктап турган түшүнүктөр. Жараткандын, жаратылыштын күчтөрүн таанып-билүүдөгү кыргыз элинин улуу даанышмандыгы деп айтар элем.

 

Аманилла Сариев, Ош облусу