Колбаса кайсы ооруларды козгойт

Колбаса кайсы ооруларды козгойт

Азыркы тапта дээрлик ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн муздаткычында колбаса жана колбаса азыктары ардактуу орунду ээлеп калган учур. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жакынкы аралыкта колбаса коомчулуктун эң керектүү делген алдыңкы азыктары сүт, нан жана картошкадан кийинки кезекке чыгышы мүмкүн экен. Буга байланыштуу, биз бул ирет колбаса жана колбаса азыктарынын пайдалуу жана зыяндуу сапаттарын таразалап көрдүк.

 


Колбасанын түрү жана курамы

Колбаса–бул тамактануучу азыктардын бир түрү. Даярдалуучу технологиясына жараша, колбаса жана колбаса азыктары (сосиска, сардельки) ышталган, жарым ышталган, сууга бышырылган жана паштет катары болуп төрткө бөлүнүшөт. Адатта колбаса майсыз эттен (уй, торпок, чочко, үндүк, тоок, кой), майдан, туздан жана тиешелүү татымалдардан жасалат. Акыркы учурда көпчүлүк өндүрүүчүлөр муну даярдоодо колбасанын жана колбаса азыктарынын негизги компоненттеринин бири болгон чочко майынын ордуна өсүмдүк майын колдонуп калышты. Ошондой эле колбасанын курамын көбөйтүү максатында фарштагы белокко жумуртка, сүт белокторун, нак сүт же болбосо жаныбарлардын канындагы составдык суюк бөлүгүн кошушат. Ал эми даамын жакшыртуу үчүн сарымсакты, пиязды, зирени, кориандрды, кардамонду, мускат жаңгагын, жыттуу жана кызыл калемпирди, мурчту, кээде мадейра виносун же коньягын пайдаланышат.

 

Колбасанын калориялуулугу

Колбасанын жана колбаса азыктарынын курамдары түрлөрүнө жараша ар кыл деңгээлдеги калориялуулукка ээ:

 

- Сууга бышырылган колбасанын же колбаса азыгынын 100 граммында 20-30 пайыз май, 10-15 пайыз белок бар. Бул 200-300 килокалорий энергетикалык баалуулукка ээ дегендик.

- Жарым ышталган колбасанын же колбаса азыгынын 100 граммында болсо 17 пайыз белок, 40 пайыз май болуп, бул 350-410 килокалорийге барабар.

- Ышталган колбасанын же колбаса азыгынын 100 грамм курамында 15-30 пайыз белок бар. Өз учурунда бул 350-580 килокалорий энергетикалык баалуулукка эгедер.

 

Колбасанын пайдасы

Колбаса жана колбаса азыктары СССРдин 1950-жылкы технологияларынын негизинде жасалганда гана пайдалуу болуп кала алат. Себеби, дал ошол учурда гана өндүрүүчүлөр буларды таза эттен жана табигый татымалдардан жасап турушкан. Белгилей кетүү керек, ушундай болгондо гана колбаса менен колбаса азыктары организм үчүн пайдасын гана тийгизип, чыныгы азыктандыруучу жана калориялуу азык боло алат. Ошентсе да азыркы сатыктагы колбасалардын ичинен салыштырмалуу түрдө үндүктүн этинен жасалгандарын алып жесе болот. Ошондуктан, үндүктүн этинен жасалган колбаса азыктары да пайдалуу болуп саналат. Анткени, башка колбасаларга салыштырмалуу анын курамында май аз.

 

Колбасанын зыяны

Эгер колбаса жана колбаса азыктары сапаттуу эт менен тек гана табигый татымалдардан жасалганда, анда булардан өткөн пайдалуу азык жок болмок. Бирок, заманбап колбасаларга даамдуу болуусу үчүн даам берүүчү, жыт кошуучу, түс өзгөртүүчү ар түрдүү татымалдар менен химикаттар кошулуп жасалат. Булардын көпчүлүгү саламаттыкка терс гана таасирлерди тийгизет. Мындан дагы орчундуусу – алардын курамында туз менен майдын жогорку деңгээлде болушу. Дал ушул себептен улам колбаса жана колбаса азыктары аларды көп жеген адамдардын организмине кант диабети, атеросклероз, жүрөктүн гипертониялык оорулары, миокард инфаркты сыяктуу ооруларды чакырып, бөйрөк-боор органдарынын иштөө функцияларын начарлатат. Колбасанын курамындагы консерванттар адамдын организминде рак клеткаларынын пайда болушуна таасир этет. Аталган азыктардын майлуу болушу өз учурунда семирүүгө дуушар кылып, кан басымынын көтөрүлүп турушун шарттайт жана мындан кийин кандын составындагы зыяндуу деп эсептелген холестеринди жокко чыгарууга мүмкүн болбой калат.

 

Колбасаны кантип тандоо керек

Сатып алаардын алдында тандоо туура болуусу үчүн алгач колбасанын түсүнө маани бергениңиз жакшы. Ал канчалык ачык кызыл же күлгүн түстө болсо, ага ошончолук химикат көбүрөөк кошулган болуп саналат. Негизи колбаса жана колбаса азыктары тез бузулуучу азыктардын катарына киришет. Ошон үчүн аны сатып алууда качан даярдалганын, качанкыга чейин бузулбай сакталаарын тактап сурап алган дурус. Эгер азыктын сыртында бул көрсөткүчтөр таптакыр көрсөтүлбөгөн болсо, анда аны сатып алуудан баш тартуу керек. Буга кошумча колбаса менен колбаса азыктарынын калориялуулугуна, курамында канча май бар экенине кызыгып коюу дагы ашыктык кылбайт.

 

Жогорудагыларды эске алып кымбат баада турган колбаса же колбаса азыктарын сатып алган күндө дагы сапатына кепилдик бере албайт, андыктан, төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

 

- Кууругандан кийин колбаса азыктары бүрүшүп-чүрүшүп калса, анда азыкта каррагинан (табигый гель берүүчү зат) абдан көп;

- Сиз сатып алган колбаса өтө туздуу болсо жебеңиз. Бул анын курамында консервант менен боёктор көп дегендик, ден соолугуңузга зыян;

- Колбасаны кесип жатканда май тамчылары пайда болсо, демек эскирип кеткен эттен жасалган.