Кой ичеги-карыны жана тазалоо

Кой ичеги-карыны жана тазалоо

Ичеги-карын болуп 6 га бөлүнөт:

 

1. Карын

2. Жоон ичеги (майлуу ичеги)

3. Ат ичеги (узун ичке ичеги)

4. Бөөн (бир жагы туюк ичеги)

5. Чөйчөк ичеги (кичине чөйчөк сымал ичеги)

6. Тогуз кат (кат каты бар ичеги)

 

Тазалоо

 

Союлган малдын ичегисин аялзаты тазалашат.

- Койдун ичегисин жуудан мурун биринчи ирет анын ич майын бөлүп алат.

- Ар бир ичеги өзүнчө жеке жуулат

- Ичегинин сырты жуулгандан кийин чий менен одарып ич жагы жуулат.

- Карынын жарып, ичин тазалап, андан жуулат

- Жумуруга суу куюлуп, тогуз каттка суу чуркатып жалпы жумуруну тазалайт

- Андан кийин жоон ичегинин ичине суу куюлуп, ичин сыдырып тазалап жуулат

- Калгандары деле ушу сыяктуу жуулат


Эгер бижи куюла турган болсо Жоон ичеги менен Бөөн одарылбайт.

 

Бүүсара Чороева

Мургаб району

www.sary-kol.ru