Кийинүү да чоң искусство

Кийинүү да чоң искусство

ТҮСТӨР, ТҮСТӨР...

– Биздин эл жана грузиндер кара түскө көп басым жасашат. Психология жактан алып карасак, энергиялуу адамдарга кара түс жагат экен. Эми ал башка маселе. Мен жаштарга ачык түстөргө басым жасоого кеңеш берет элем. Анткени кара түс токтоо, анан кары көрсөтүп коёт. Негизи, бир адамдын кийиминде үч түстөн ашык болбошу талапка ылайык. Кийимдеги түстөр бири-бирине жакын болгону жакшы. Мисалы, күрөң пальтого андан ачыгыраак күрөң түстөгү шарф же сумка жарашат. Эсиңиздерде болсун, муздак түстөр менен жылуу түстөр таптакыр айкалышпайт.

 

БУТ КИЙИМ

But kiimАялзаты бийик такага басым жасаганы оң. Анткени бийик така боюңду түз алып жүрүүгө, сымбаттуу көрүнүүгө жардам берет. Бийик така менен бардык нерсени айкалыштырса болот. Мисалы, чолок шымдар менен бийик такалуу өтүк сонун жарашат. Албетте, жапыз такалуу бут кийим көп баскан адамдарга ыңгайлуу. Жапыз така менен көбүнчө узун көйнөктөрдү айкалыштырса болот. Этеги жайык, тизеден ылдый көйнөктөр да жапыз така менен жакшы жарашып, кыялкеч адамдын образын түзөт. Жапыз така менен спорттук курткалар, кышкысын кончуна жынсы киргизилип коюлган бут кийимдер жакшы жарашат.

 

КЕЛБЕТКЕ КАРАП...

– Кийим тандоодо көбүнчө толук адамдар кыйналышат. Бирок айрымдар денесинин кемчилигин жашырам деп оркойтуп көрсөтүп алышат. Мисалы, толуктугун жашыруу үчүн кенен көйнөктөрдү кийишет. Бул денени ого бетер чоң көрсөтөт. Ошондой эле толук айымдар кыска жемперлерден, костюмдардан качканы оң. Анткени кыска кийим аларды ого бетер тоголок көрсөтөт. Сызыкчалары туурасынан кеткен, чоң-чоң сүрөттөрү бар кийимдер денени толук көрсөтөт. Толук айымдар классикага көбүрөөк басым жасашы керек. Узун, тикесинен кеткен сызыктары бар көйнөктөр денени сымбаттуу көрсөтөт. Биздин тилде “отвлекающий манёвр” деп коёбуз. Мисалы, чоң чөнтөктөр менен өзгөчө түс же бир асем буюм кишинин көңүлүн буруп, басым анын толуктугуна жасалбайт.

 

АРЫКТАР КАНТИП КИЙИНИШИ КЕРЕК?

Адатта арыктарга баары жарашат деп коёбуз. Бирок ашыкча арыктыкты да жашырууга туура келет. Мисалы, жамбашы жалпак деп коёлу. Мындай айымдар денесинин бул мүчүлүшүн жашыруу үчүн көпчүлүк учурда белден ылдыйкы бөлүгү жайык көйнөктөрдү, юбкаларды кийгени оң. Чапташкан жынсы шымдар жамбаштын жалпак экенин билгизип, көзгө жаман көрсөтөт. Ал эми төшү жалпактар көкүрөгү бир аз ачыгыраак футболкаларды же көкүрөк тушунда бүйүрмөлөрү бар көйнөктөр менен бул кемчиликти жашыра алышат.

 

АКСЕССУАРЛАР

Aksesuar– Азыр асем буюмдардын түрү көп. Моюнга асем буюм же шарф жарашышы моюндун узундугунан же кыскалыгынан көз каранды. Мою­ну кыскалар V түрүндөгү жакаларды тандагыны оң. Шарф же жоолук моюндун кыскалыгын ого бетер жагымсыз көрсөтүп коёт. Кыска моюндууларга оролуп турган асем буюмдар жарашпайт. Алар узун чынжырча тагынганы оң. Ал эми моюну узундарга бардыгы жараша берет. Тегерек беттүүлөр сүйрү же узун сөйкө тагынганы оң.

 

 

КЫСКАЧА

Жалпысынан кийинүүнүн стили беш түргө бөлүнөт:

 

1.Гламур бул – классикалык стиль. Кечелерге, салтанаттарга кийинүү.
2.Рок – кара түстөргө басым жасала турган жаштардын кийими. Өзгөчөлүгү, ар кандай кайыш, металлдар менен кооздолот.
3.Дзен – чыгыш стилиндеги кийимдер.
4.Спорт – түшүндүрүүнүн кажети жок.
5.Поп – бардык стилди аралаштырып кийинүү.