Көздүн чарчоосун жазууну билесизби ?

Көздүн чарчоосун жазууну билесизби ?

Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот. Бирок, кызаруунун, чарчоонун кам көрүүгө муктаж жагдайлар экендигин биринчи эске алган дурус. 


Компресстер

 

Укроп. 1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлядан сүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктаар алдында бирин муздак абалында калтырып, экинчисин ысытып аласыз. Анан марляны бир ысыгына, бир муздагына малып алып алмак-салмак 10 мүнөт тынымсыз көзүңүздүн сурмасына баса бересиз. Муну жумасына 3 жолу жасоого болот.

 

Ит мурун. Ит мурундун 2 даана жаңы бышкан мөмөсүн бир стакан кайнак сууга демдеп, жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң аны марлядан сүзүп салып, жарым саат тыныктыруу кажет. Анан өтө чоң эмес тоголок формадагы кебездерди ага нымдап, эки көзүңүзгө 15-20 мүнөт басып жатасыз.

 

Пакеттеги чай. Бир жолу колдонулуучу пакеттеги чайды колдонгондон кийин жылуу же муздак абалында көздөрүңүзгө басып жатсаңыз болот. Бул үчүн кадимки кара жана эч кандай даамдар кошулбаган чайды пайдалануу зарыл. 

 

Картошка. Көздүн чарчоосун жазууга картошка дагы жакшы жардам берет. Ал үчүн алгач 2 даана чийки картошканы алып, кабыктарын аарчып кыргычтын майда тишинен өткөрүп аласыз. Анан массаны марляга ороп алып эки көзүңүзгө 20 мүнөт басып жатууңуз керек.

 

Бадыраң. Бадыраң компрессин жасоо үчүн жаңы бышкан бадыраңдын эки тоголок кесими жетиштүү болот. Аларды эки көзүңүзгө 15 мүнөт коюп чалкалап жатасыз.

 

Сүт. Муну көз шишип, айланасын кара тартып калганда жасаган жакшы. Биринчи тоголок формадагы эки кебезди жылуу сүткө нымдап аласыз. Аларды көзүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Эртең менен жана кечинде натыйжалуу болот. 

 

Ромашка. Бир аш кашык ромашканы 250 мл кайнак сууга жарым саат демдейсиз. Марлядан сүзүп жиберген соң ага тоголок формадагы кебездерди нымдап, 10 мүнөт көзүңүзгө коюп жатасыз. Компрессти күнүнө эки жолу жасаса болот. Ал чарчоону тез жазат, кызарууну кетирет жана көздүн титирешин басат.

 

Кайың. Кайыңдын жашыл жалбырактарын блендерде майдалап, үстүнө бир стакан муздак суу куюп 10 саат тыныктырасыз. Ага кебездерди нымдап, аларды көздөрүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Бул чарчоону жазуу менен катар шишикти кетирет жана көздөрдү балбылдатып көрсөтөт. 

 

Петрушка. Эки кабат болгон марлянын эки кесиндисинин ичине майда болуп тууралган петрушкаларды салып оройсуз. Аларды кайнак сууга 30 секундга салган соң бир аз муздатып 10 мүнөткө сурмаларыңызга басып жатууңуз зарыл.


Көнүгүүлөр

 

Көпөлөк. Көз чарчап калганда жумулуп-ачылып туруусун алда канча жайлатып салат. Бул жалкоолук көрүүнү начарлатат. Андай болбош үчүн анын чарчаганын сезгенде эле көздү 50 жолу бат-баттан ирмеп коюу кажет. 

 

Өйдө-ылдый. Башыңызды түз коюп, көзүңүз менен маңдайыңыздагы бир чекитти тиктеңиз. Анан башыңызды кыймылдатпай көзүңүз менен шыпты караңыз, 2 секунддан кийин башты ошол абалында кармап полду караңыз. Бул көнүгүүнү бир нече жолу кайталап коюу керек. 

 

Маятник. Башты түз жана жылдырбай кармап, көзүңүз менен маңдайды карайсыз. Анан бир сызык менен көз карашты жай оң тарапка алып барасыз. 5 секунддан соң башты кыймылдатпастан көз карашты сол жакка алып барасыз. Бир канча ирет кайталап койгон дурус. 

 

Сегиз. Башыңызды түз кармап, маңдайыңызда горизонталдуу сегиз санынын же математикадагы чексиз белгисинин турганын элестетесиз. Анан аны көздөрүңүздү жай жылдырып абада жазып чыгасыз. Көнүгүүнү оң тараптан баштап бир нече, сол тараптан баштап бир нече ирет жасооңуз кажет.

 

Карандаш. Оң колуңузга карандашты алып, аны акырындык менен жогорулата бересиз да, ушул эле маалда көзүңүз менен аны ээрчийсиз. Бирок, башыңызды кыймылдатпай отурууңуз абзел.

 

Алыстык. Терезеге келип, көзүңүз менен алыс жакты карайсыз. Анан бир сызык менен жакындап келип мурдуңуздун учуна жеткенде токтойсуз. Көнүгүүнү бир нече жолу жасап койсоңуз, көздөрүңүздүн булчуңдары машыгып, чарчоо жазыла түшөт.

 

Жалбырак. Токойдо же жаратылышта жүргөндө көздөрдүн эс алаарын ар бир эле адам байкаган болсо керек. Буга жашыл түстүн - эс алуунун түсү болгону себеп. Андыктан, жалбырактын жагымдуу жапжашылдарын тандап, аларды эки көзгө 5-6 мүнөт басып жана көздөрдү ачык абалда жатуу пайдалуу.

 

Фокус. Бир нерсени ирмебей тиктеп туруу менен көздөрдөн жаш чыгаруу да пайдалуу. Муну көз эң таза, эң жакшы суу - жаш менен жуулуп кетти деп түшүнсө болот. Негизи жаш ар бир нерсени тиктей берсе эле чыга бербейт. Бул үчүн көз менен чагылыша турган нерселерди, мисалы, шамдын күйүп турган оту, ички көңдөйү капкара болгон кружка сыяктуу заттарды тиктөө кажет.

 

Элес. Көздөрдү жумуп, каректер менен оң жакты көздөй 4 жолу, сол жакты көздөй 4 жолу айлануу жасаңыз. Анан аны улай эле өйдө жакты 4, ылдый жакты 4 жолу караңыз. Мындан кийин көздөрдү ачып маңдайдагы бир чекитти 30 секунд жылбай карап туруп көздөрдү тез-тезден 30-35 жолу ирмеп жиберүү керек.

 

- Көздүн чарчоосуна жол бербөөчү жашоо образы:

- Организмге толук кандуу эс алуу берүү же суткасына 7-8 саат уктоо;

- Пайдалуу тамактануу же курамында С витамини бай азыктарды кабыл алуу;

- Компьютер жана телевизор алдында аз отуруу;

- Күңүрт жерде китеп, гезит-журнал окубоо;

- Уйку алдында бетти жуу же косметика каражаттарынан тазалоо;

- Нерв болуудан жана ыйлоодон качуу.