Күндүн нуруна кантип туура күйүү керек?

Күндүн нуруна кантип туура күйүү керек?

Жайдын аптаптуу учуру жакындап, суу сүйүүчүлөрү акырындык менен көлдү көздөй агылып жатышат. Мындай учурда биздин башыбызда сууга түшүү, күнгө күйүү ден соолукка пайдалуу деген гана ой турат. А чынында күнгө туура күйүүнүн төмөндөгү эрежелерин сактаганда гана пайдалуу болоору унутта калат.

 

Күн нурунун пайдалуулугу

 

- Күндүн нуру денеге күч-кубат, энергия берип, маанайды көтөрөт

- Чарчоодон, алсыроодон арылтат

- Гемоглобинди жогорулатат

- Организмди D витамини менен камсыз кылат

- Сөөккө пайдасын тийгизип, денедеги фосфордун, кальцийдин алмашууларын жакшыртат

- Күндүн нуру териге аны жабыркатуучу зыяндуу заттарды жолотпойт

- Инфекциядан, аллергиядан сактайт

- Тынч уктоого жардам берет

- Кышкы сасык тумоонун алдын алат

 

Күнгө күйүү убактысы

 

Күндүн нуру саат 11:00дөн 16:00гө чейин ачуу тиет. Колдон келишинче бул убакыт аралыгында күндүн алдында жатпоо зарыл. Себеби денеңиз эрежеге ылайык акырындык менен күйбөстөн, дароо күйүп, ыйлаакчага айланып кетиши мүмкүн. өзгөчө териңиз ачык түстө жана сезимтал болсо, жарага айланып кетүү коркунучу да бар. Ошондуктан, эртең мененки саат 9:00дөн 11:00гө, түштөн кийинки 16:00дөн 19:00гө чейин күн алдында жатып күйүү талапка ылайык. Эң алгач 5 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин күн алдында жатыңыз. Андан соң күндө ал убакытка 2 мүнөттөн 4 мүнөткө чейин кошуңуз. Акырындык менен көбөйтүп отуруп күн алдында жатууну 2 саатка жеткириңиз. Күйүк өзүнүн күчүн көпкө жоготпой туруу үчүн жогорудагыдай эрежеде 2 жума күн алдында акырындык менен күйүү натыйжалуу.

 

Күнгө күйүүдөгү алтын эрежелер

 

- Күнгө күйүүнүн алдында чачыңызды чогултуп, башыңызга баш кийим кийип алууну унутпаңыз

- Күндүн нуруна текши жана келишимдүү күйүү үчүн кыймылда болуңуз, ар кандай кыймылдуу оюндар менен ойноңуз

- Суудан чыкандан кийин денеңизди сүлгү менен кургатпай туруп күн алдында жатыңыз

- Тамактангандан кийин дароо же ачкарын күнгө күйүүгө болбойт

- Эгер териңиз сезимтал болсо, сиз үчүн көлөкөдө жатып күнгө күйүү туура. Себеби көлөкө жерге да күндүн ультракөк нурунун 65 пайызы тийип турат

- Күнгө күйөөрдүн алдында самын менен жуунбаңыз, лосьон, тоник, атыр колдонбоңуз. Себеби булар күндүн нурунда сиздин денеңизге бырыш жана кара тактарды түшүрүүчү күчкө эгедер

- Күндүн нурунан аллергиясы барлар, кош бойлуу айымдар, дары-дармек ичип жаткандар үчүн күнгө күйүү сунушталбайт. Болбосо күнгө күйөөрдүн алдында сөзсүз доктурдан кеңеш алып, текшерилиши керек.

 

Күнгө күйүүдө керектелүүчү каражаттар

 

Күнгө күйүүдө атайын SPF же UVA деген белгилери бар кремдер сунушталат. Булар денеңизди ашыкча күйүп кетүүдөн сактайт. Кремди өзүңүздүн териңиздин түрүнө жараша сатып алыңыз. Аны сууга түшөөрдөн 30 мүнөт эрте денеңизге текши жана жука кылып сүйкөп чыгыңыз. өзгөчө эрте күйчү жерлерге: мурун, чеке, төш, ийин жана тизеге жакшылап сүйкөө керек. Моюн, кулактын ар бир кычыгына чейин сүйкөлсүн. Оозго болсо күндүн нурунан сактоочу эндик колдонуңуз. Сиз сүйкөгөн крем териңизде 3 саат гана турат. Андыктан, сууга түшүп жатканда кремди ар бир 3 саат сайын сүйкөп туруу керек. Ал эми сууга түшүп келгенден кийин денеңиздеги крем, майларды калтырбай жууп салууңуз керек.

 

Күнгө күйүүдө колдонуучу элдик каражаттар

 

Оливка майы.

Күндүн нуруна күйүп бүткөндөн кийин денеңиз кургап тырышпоо үчүн оливка майын лосьон катары пайдаланыңыз. Бул териңизди азыктандыргандан тышкары жумшартып, ага жаңы жашоо тартуулайт.

 

Кофе.

Майдаланган 50 грамм кофеге 100 грамм жаңгак майын кошуп айнек идишке салыңыз да, оозун бекем жаап караңгы жерге 7 күн коюп коюңуз. Даяр болгон аралашманы күнгө күйүүгө 30 мүнөт калганда бетиңизге жана денеңизге сүйкөп, скраб катары пайдаланыңыз.

 

Кефир.

Күндүн нуруна күйгөндөн кийин денеңиз ачышып жатса, кефирден жука кылып сүйкөп коюңуз. Анан ачышканы басылгандан кийин гана жуунуңуз.

 

Күндүн нуруна күйүүдө желүүчү азыктар

 

Сабиз.

Сабиздин өзүн жесеңиз же ширесин ичсеңиз, териңиз күндөн жабыркабайт. Бир стакан сабиз ширесине бир аз каймакмай кошуп койсоңуз, витаминдери сиңимдүү болот.

 

Помидор.

Бул жашылчанын курамында ликопин жана антиоксиданттар, анан суу бар. Булар теринин жагымдуу түстө күйүшүнө жардам берет.

 

Дарбыз.

Териңизди кургатпай жумшартып турат. Андан тышкары күнгө текши күйүүгө жакшы шарт түзөт.

 

Эскертүү!

 

- Узак убакыт күнгө күйүү организмге терс таасирин берип коюшу ыктымал. Андайда баш ооруйт, көңүл айланат, жүрөк бат-баттан согот, температура көтөрүлөт. Муну байкаган маалда күн нуру тийбеген, шамал жүрүп турган жерге жатып, бетти улам муздак суу менен жууп туруу керек.

 

- Эгер күндүн таасири мындан да күчтүү тийген болсо, баш оору кусуу, кулак чымыроо менен коштолот. Тер бөлүп чыгаруу күчөп, кыска мөөнөттүк эсти жоготуп туруулар болот. Мындайда улам муздак суу, шире ичип туруу жана тез жардам чакыруу керек.

 

- Ал эми күндүн нуру дененин белгилүү бөлүгүн күйгүзүп кетип, анда ыйлаакча пайда болуп ал кычыштыруу, кызаруу менен коштолсо, жабыркаган жерге улам жаңылап муздак ак (кефир, айран, каймакмай) басып туруу керек.