Көк чай менен кара чайдын айырмасы

Көк чай менен кара чайдын айырмасы

Көк чай менен кара чайдын канчалык айырмасы бар?

Элибизде чайсыз жашай алган адамды табуу өтө кыйын. Эң жакшысы, суук мезгилде үйдө ысык чай ичип олтурганды кимдер гана сүйбөсүн. Бирок, чай десе эле иче бербей кара чай менен көк чайды табитине карап тандап ичүү керек. Көпчүлүктө көк чай менен кара чайды ар кандай баалап, аларды айырмалап калмай адат бар. Чындыгында эле ушундайбы? Көк чай менен кара чайдын айырмасы кандай?

 

Айрымдар алар эки башка жалбырактан жасалат деген да ойдо жүрүшү мүмкүн. Бирок көк чай менен кара чай бир эле жалбырактан чогултулуп, иштетүүдө гана бөлүнөт. Кара чай кантип пайда болот? Ал табигый шартта, күндүн, шамалдын жана нымдуулуктун негизинде өзгөрүп, кара түскө ээ болот. Ал эми көк чай жашыл кезинде чогултулуп, ачуу ысык бууга кармалып, кычкылдануу процессинде чай көк жашыл өңдү кармап калат. Көк чай кара чайга эч окшошпойт. Анын жыты, даамы, өңү да башка. Бирок көпчүлүк адамдарга жөн гана жашыл жалбырак чай жага бербейт жана аны кумшекер кошпой ичишет. Кара чай пайдалуулугу жагынан көк чайга жетпейт. Өз ден соолугунун камын ойлогондор бир гана көк чай ичишет.

 

Көк чайдын өгөчөлүгү - анда витаминдер жана микроэлементтер, көмүртек, калий, фтор, жез ж.б элементтер бар. Көк чайдын мыкты дарылык касиети - аны рак ооруларын дарылоодо колдонот. Көк чай С витаминине бай жана кан тамырларынын бекем болушуна пайдалуу. Көк чай жүрөк ооруларын алдын алууда жана мээ кан тамыр ооруларын айыктырууда колдонулат. Ошондой эле артериалык кан басымды басаңдатат. Эгер сасык тумоо кыйнаса, көк чайды колдонуу да пайдасын берет. Бирок кара чайдын өзүнүн тийиштүү орду бар. Анда макро-микро жана ультрамикроэлементтик витаминдердин В группасы чайдын өзгөчөлүгүн түзөт. Чайдын жалбырагындагы белоктор менен көмүртектер В витаминин группаларын сактоого жардам берет. Ал тишти жана тиштин бүлөлөрүн таза сактаган фтор затына ээ болгон сейрек, азык зат. Буга байланыштуу демделген чайдын чамасы менен күнүнө бир канча жолу тишти сүртүп туруу кеңеши берилет.

 

Көк чай менен кара чай тууралуу окумуштуулар эмне дейт?

Акыркы изилдөөлөр көргөзгөндөй чайдын эки түрү тең ден соолукка пайдалуу. Кара чайды даярдоодо өң, жыт жана түс менен кошо теафлавин жана теарубигин заттары пайда болуп, пайдалуулугу күчөйт. Белгилүү болгондой кара чай жүрөк ооруларын алдын алат. Бул багытта толук түрдө изилдөөлөр аягына чыга элек болгондуктан, табышмактуу жактары да бар. Бирок илимий изилдөөлөр адамдын организми чайды колдонууну талап кыларын көргөздү. Көк чай менен кара чай да өзүнүн керемет даамы, жыпар жыты менен өзгөчөлөнөт. Бирок адистер чайды тандоодо сиздин ден соолугуңузга пайдалуу болгон жана ичкенде жагымдуу болгон чайдын түрүн тандоону сунуш кылат. Эң эле пайдалуусу чайды аз колдонууну сунуштайбыз. Кара чай каныбызга сиңип калгандыктан, бул адаттан арылуу өтө кыйын. Адаттан арылуу үчүн атайын кайнатма суусундуктарды жасап, өзгөчө жаш балдарга чай бербей эле коюңуздар деп сунуштайбыз.