Эрте картаясыз, эгер 9 адаттан арылбасаңыз

Эрте картаясыз, эгер 9 адаттан арылбасаңыз

Убакыт өтүп, жылдар алмашкан сайын жаш курагыңыз дагы улгайып, аны далилдегенсип жүзүңүзгө бырыш түшө баштайт эмеспи. Эгер жашооңуз ойдогудай болуп, өзүңүздү бактылуу сезсеңиз, анда сиздин бырыш туура эмес тамактанганыңыздан, туура эмес адаттарыңыз бар экенинен кабар берет. Жаман адаттар сизди өз курагыңыздан улуу гана көрсөтпөстөн, өмүрүңүздү дагы кыскартат. Ал адаттар төмөнкүлөр:

 

1. Таттуулардан баш тарта албоо

Таттууну жакшы көрүүчүлөр ашыкча салмакка гана ээ болбостон, улуу көрүнүп калышат. Шекердин молекулаларына белок кошулуп, жыйынтыгында адамдын жүзү чарчаңкы тартып, көзүнүн тегереги кара тартып, шишип, бетинин идеалдуу формасы жоголуп бырыш түшө баштайт. Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, таттуудан баш тартыңыз.

 

2. Уйкуну кандырбоо жана жүздү жаздыкка тиреп уктоо

Убакыт-сааты менен уктабай жүрүү, уйкуну кандырбоо көздүн алдын гана шишитпестен, өмүрүңүздү да кыскартат. Негизи бир суткада 7 саат уктоо керек. Жетишсиз уйку адамды алсыратып, жыйынтыгында күндүз кечке чарчаңкы абалда жүрөсүз. Бул менен эле чектелбей, маалыматты кабыл алууңуз, ой жүгүртүүңүз кеч болуп, бардыгын кеч түшүнөсүз же кылган ишиңизди өз деңгээлине жеткире аткара албайсыз. Буга кошумча көмкөрөсүнөн бетти жаздыкка тиреп уктоо бырыштарды пайда кылып, картаюу процессин тездетет. Жаш өзгөчөлүгүн көрсөтүп туруучу, коллаген менен байланыштырып туруучу ткань жумшарып, шалдырап баштайт. Уктаган сайын бир капталыңыз менен ошол эле ыкмада жата берсеңиз, анда сиз бет териңиздин ошол капталын эс алдырбайсыз. Андыктан чалкаңыздан жатууга үйрөнүңүз.

 

3. Телевизордон көздү албай карап олтуруу

Бир күндө 1-2 саат жактырган сериалыңызды көрүү эч нерсе эмес. А эртели-кеч телевизордун маңдайынан чыкпай берүүлөрдү баш аламан көрө берүү бир күндө 22 мүнөттүк өмүрүңүздү кыскартат. Бир күндө 6 сааттап телевизор көргөндөрдүн өмүрү көрбөгөндөргө караганда 5 жылга кыскараак болорун окумуштуулар далилдешкен. Себеби 30 мүнөттөн ашык кыймылсыз олтурганда организмдеги шекерлер иштеп, жыйынтыгында ал адамды ашыкча салмактуулукка алып келет. Мындан тышкары көрүп жатканыңыз сиздин психологияңызга таасирин тийгизип сизди ойлондуруп, кыжалат кылдыруу менен бырышты түшүрүүчү мимикаларды пайда кылат.

 

4. Күндү кыймылсыз олтурган абалда өткөрүү

Заман талабына ылайык, бир орундан жылбай эртели-кеч кыймылсыз олтуруп иштегендердин саны көбөйдү. Жыйынтыгында басымдуу бөлүгү ашыкча салмактуулук, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, варикоз ооруларына тушугуп жатат. Андыктан иш ордуңузда кыймылсыз олтура бербей, ар жарым сааатта бир көнүгүү жасап турсаңыз, жогорудагы оорулардын алдын алган болосуз.

 

5. Күндөн коргоочу каражаттарды колдонбоо

Кээ бирлерибиз убактыбыздын басымдуу бөлүгүн күн тийген жерде өткөрөбүз. Жыйынтыгында күндүн көгүлжүм нурлары терибизге тийип убактыбыздан эрте картаюуга алып келет. Андыктан сыртка чыгарда күндөн коргоочу атайын косметикалык каражаттарды колдонуп, көз айнекти көзүңүздөн өзгөчө аптаптуу жайдын ысыгында жана аппак карлуу кыш мезгилинде түшүрбөңүз.

 

6. Чектен ашыкча боёнуу

Чектен чыгып ашыкча боёнуу, тоналдык бет майды көп колдонуу билинбегени менен сизди картайтып салат. Өзгөчө курамында спирт бар косметикалык каражаттар беттин табигый майлуулугун жоготуп терини кургатып жиберет. Жыйынтыгында бетиңизге бырыш тез түшөт.

 

7. Үй ичиндеги температуранын жогору болуусу

Кыш мезгилинде үйдүн ичиндеги жогорку температура абадагы нымдуулукту жоготуп аны кургатып жиберет. Жыйынтыгында териге нымдуулук жетишпей анын структурасы бузулуп, бет териңиз кургап, түлөй баштайт. Ошондуктан бөлмөнүн температурасы өтө ысык эмес, өтө муздак эмес, бир калыпта салкын болушу шарт.

 

8. Тамак рационуңуздан майды чыгарып салуу

Майлардын ичинен кээ бир майлар жаштыкты сактоо үчүн керек. Мисалга алсак, майлуу балыктын курамындагы Омега-3 кычкылы, грек жаңгагы терини жылмакай кылып, ага түшүүчү бырыштардын алдын алат. Андыктан жумасына жок дегенде эки ирет тамак рационуңузда майлуу балыктын эти болушу зарыл.

 

9. Дайыма бүкүрөйүп олтуруу

Сиз дайыма компьютердин алдында бүкүрөйүп олтурган абалда иштесеңиз, ал бара-бара адатка айланат. Бул көрүнүштүн алдын албаса, булчуңдарга күч келип, омурткалардын ортосундагы диск кысылып, арка-бел сөөктөр ийрелип туура эмес формага келе баштайт. Жыйынтыгында ал чарчоо, ооруксунтуу менен коштолуп олтуруп ар кандай ооруларды пайда кылат. Ошондуктан денени туура кармап олтурууга аракет кылыңыз. Тез-тезден “мен түз олтурамбы” деп өзүңүздү-өзүңүз текшерип туруңуз.

 

lady.kg