Чымын-чиркейлерден кантип кутулууга болот ?

Чымын-чиркейлерден кантип кутулууга болот ?

Жай айынын аптаптуу күндөрү түн уйкуну ызылдаган чымын-чиркей бузуп тажатат. Алардан кантип коргонууга боло тургандыгы тууралуу бир канча сунуштар берилет.

 

• Валериананын жыты натыйжалуу табигый репеллент. Анын үстүнө ал кол жетерлик каражат.

 

• Камфора майынын жыты дагы чиркейлерди кубалайт. Ал үчүн аны эски көмөч казанга ысытат, натыйжада жыты бөлмөгө таркайт.

 

• Анис, гвоздика, кызыл карагайдын же эвкалиптин жыты чиркейлерден сактайт. Бул өсүмдүктөрдөн алынган жыттуу майларды аромолампанын жардамы менен колдонууга болот.

 

• Помидордун жытын көптөгөн курт-кумурскалар, анын ичинде чиркейлер жаман көрүшөт. Терезеге идишке отургузулган бир түп помидорду коюп койсо болот.

 

• Черёмуханын (ак гүлдүү, кара жемиштүү өсүмдүк) жалбырактарын майда туурап терезеге же төшөккө жакын коюп коюу абзел.

 

• Эгерде сизди чиркей чагып кетсе, кычышкан жерди азыраак марганцовка кошулган эритме, сода эритмеси, бор спирти же “Жылдызча” бальзамы менен сүртүү жардам берет.