Чайлашуунун 15 мааниси

Чайлашуунун 15 мааниси

Жолугуп чай ичели — сиз менен жолугуп, кенен маек куралы. Шашпай отуруп сүйлөшөлү дегенди түшүндүрөт.

 

Чай үстүндө сүйлөшөлү — формалдуу эмес маек. Өз адамдар менен сыр төгүшүү, маектешүү.

 

Чайга чакыруу — чоң маселелерди чечүү үчүн жасалат. Ким чайга чакырса, маселени чечүүгө ошол адам кызыкдар болот. Кыргыз саясатында чоң кызматтар чай үстүндө чечилери айтылып келет.

 

Мен сизди чайга чакырам — бирөөгө ыраазычылык билдирүү. Рахмат айтуунун белгиси. Сый билдирүү, коноктоо болуп эсептелет.

 

Чай карыз болдум — жарашуу максатында болушу мүмкүн. Бир адамды таарынтып, же андан кечирим суроо керек болсо чайга чакырылат.

 

Конокторго чай куюп, үй ээси өзүнө куйбай койсо — келгендердин батыраак кетүүсүн каалап жаткан белгиси.

 

Келген конокко чайга чакырбай койсо же муздак чай куйса — жактырбагандыктын белгиси.

 

Чайды толтура куюу — ушул чыныны ичип бүтүп, кете бериңиз деген белги.

 

Чайлашуу — шерине өткөрүү. Жоролор, санаалаштар кезектешип чайлашып, бири-бириникине конок болушат.

 

Чай ичип кетпейсиңби — шашпай отурбайсыңбы деген маани.

 

Чайга кара — алагды болбо, дасторконго көңүл бур деген кеп.

 

Чай алып кел — дастаркон жай дегенди түшүндүрөт.

 

Чай кайнам — убакыт чен-өлчөмү катары колдонулат. Болжол менен 15-20 мүнөт.

 

Чай-пайы бар бекен?— Азык-түлүгү, тамак-ашы бар болду бекен? Конок тосконго дарамети жетеби?

 

Өзүбүзчө чай ичели — өзгө кетип, өзүбүз чай ичели. Бир үй-бүлө, же бир туугандар отуруп маектешүү, чоң аш-тойду жыйынтыктоо.