Боорду тазалоонун эски ыкмасы

Боорду тазалоонун эски ыкмасы

-10 кг түрптү жакшылап жууп, ар кандай кемтиктерин тазалап алып эт туурагычтан кабыгы менен чогуу өткөрөт. Шире сыккычты же прессти пайдалануу менен шире сыгат. Жыйынтыгында 3 литр шире жана күнжара (жмых) алынат. Ширени муздаткычта сактайт. Күнжараны бал же кант менен аралаштырып (бир кг күнжарага 300 гр бал же 500 г кант) менен аралаштырып, жылуу жерге коёт.

 

-Ширени тамактан кийин бир сааттан кийин бир чай кашыктан ичет, эгерде боор жакта оорутууну сезбесеңиз, анда өлчөмүн 1 аш кашыкка чейин, андан ары жарым стаканга чейин көбөйтүүгө болот.

 

-Эгерде боордун ооруп жатканын сезсеңиз, бул өт жолдоруна көп туз жана таш топтолуп калгандыгы тууралуу айтып турат, мындайда боордун тушуна жылуу грелка коёсуз. Оору ширени жаңы иче баштаганда гана болоору, андан кийин ал өтүп кетээри байкалган. Туздар организмден байкалбастан чыгып кетет, бирок ошол эле учурда тазалоочу жыйынтыгы өтө эбегейсиз.

 

-Түрп ширесин ичип жаткан учурда курч кычкыл азыктардан баш тартыңыз. Меню вегетариандык болушу керек, эт, балык, жумуртка, сүт кошулган токоч, ошондой эле "оор" крахмалдарды жана майлуу тамактарды алып салыңыз.

 

-Шире түгөнөөрү менен сөзсүз түрдө күнжараны пайдалануу сунушталат. Ал бул учурда ачып калган болот. Аны тамактанып жаткан учурда 1-3 аш кашыктан жейт, ошентип күнжараны толук түгөткүчөктү ушундай тартипте пайдаланат. Бул организмди чыңдоо үчүн, анын ичинде өпкө ткандары жана жүрөк-кан тамыр системасы үчүн абдан маанилүү.