Белгилер баяны

Белгилер баяны

Жазуу учурунда оңой болуш үчүн ар кандай белгилерди колдонуп келебиз. Дал ушул ыңгайлуулук туудурган белгилер кайдан пайда болуп, жашообузга кандайча кирип калган?

 

ДОЛЛАР – $

Испандыктар Америка континентин колониялаштырып турган чакта казып алган алтындардын үстүнө S белгисин коюп, өз өлкөлөрүнө жиберип турушчу. Ал алтындар Испанияга жеткенде анын үстүнө бир тик сызык сызышчу. Иштетилип, кайра Америкага жибергенде дагы бир сызык сызышат. Ушул белгиден улам $ белгиси келип чыкканы тууралуу божомол бар. Экинчи вариант боюнча, испан падышалыгынын үй-бүлөсүнүн гербинин өзгөртүлүп берилиши. Ал герб лента оролгон 2 устун түрүндө болгон. Дагы бир вариант: испан акчасы күчтүү болуп, көп жерлерге жайылып турганда англиянын падышасы Георг III испан реалдарын Англияда да колдонууга буйрук берген. Бир реал 1/8 фунтту түзүп, «сегиздин бир бөлүгү» деп аталып жүрүп, убакыттын өтүшү менен песо («peso») деп аталып калган. Песону Р деп да кыскартышкан. Көп песо болсо («pesos») S тамгасын кошуп, PS деп жазышкан. Кийин Р тамгасынан тик сызык гана калып, S тамгасын анын үстүнө жаза башташкан. Ошентип, $ белгиси келип чыккан.

 

КАДЫРЫ КҮЧТҮҮ @ БЕЛГИСИ

sobachkaТаң калычтуу, бирок бул белги орто кылымдарда эле колдонула баштаган. Арробаны (көлөмдү жана массаны өлчөөчү бирдик) билдирчү. Кийинчерээк бухгалтериялык документтерде англисче «at» же французча «а» (орусча «по») байламталарын тез жазуу үчүн колдонушкан. 1985-жылы жазуу машиналарынын клавиатураларына, кийин компьютер клавиатураларына өткөн. Муну америкалык программист Рэй Томилсон алгачкы электрондук почтаны ачуу боюнча иштеп жатканда байкаган. Ал өз сөзүндө: «Эч бир ысымда кездешпеген жана эч кимди адаштырбаган, бөлүп туруучу белги издеп жаткам»,- дейт. Эң биринчи электрондук катты Рэй 1971-жылы жиберген. Баса, орустар @ белгисин «ит» дешет. Англичандар «маймылдын куйругу», италиялыктар «үлүл», кытайлар «чычкан», казактар «айдын кулагы», өзбектер «күчүкчө», венгриялыктар «сөөлжан» же «кене», ал эми финндер уктап жаткан мышыкка окшоштуруп «мяу-мяу» деп аташат. Кыргызда болсо маймылча.


«ЖАНА» СӨЗҮН & АЛМАШТЫРА АЛАТ

bukva iЛатынча «et» – «жана» байламтасынын кыскартылган графикасы. Амперсанддын автору катары Марк Туллий Тиронду аташат. Ал рим саясий ишмери Цицерондун кулу жана катчысы болгон. Тирон эркиндикке чыккан күндө деле Цицерондун айткандарын кагаз бетине түшүрө берген. Биздин заманга чейинки 63-жылы жазууну тездетүү үчүн «тирон ноталары» же «тирон белгилери» деген өзүнүн системасын ойлоп таап, бул белгилер XI кылымга чейин колдонулган (оригиналы сакталып калган эмес). Тирон иштеп чыккан белгилердин арасында амперсанд да кездешкен. & VIII кылымдын экинчи жарымынан баштап көчүрүп жазуучулар тарабынан көп колдонулган. XV кылымдын ортосунан баштап басмаканалардан орун алат. Амперсандды азыркы учурда дээрлик бардык жерде колдонушат. & латын тексттеринде гана эмес, бардык европалык жана түндүк америкалык китептерде (англис, француз, итальянча) колдонулат. Европа жана Түндүк Америкада көп колдонулуп жүрүп, XIX кылымдын башында англис алфавитинин акыркы катарынан орун алып, кайра XX кылымда жоголгон. Азыр тамга катары эмес, белги катары колдонулат. СССРде амперсанд илимий-техникалык документтерде «жана» деген сөздү билдирүү үчүн сейрек колдонулчу. Азыркы учурда амперсандды орустар кээде тексттин башка тилде экендигин белгилөө максатында колдонушат. Кыргыздар да жазууларда «жана» деген маанини берүү үчүн колдонуп келет.


% КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН?

procentПайыз деген сөз латын тилинин «pro centum» сөзүнөн келген. Которгондо «жүздүн бир бөлүгү» дегенди билдирет. «Сentum» сөзүн кыскартып «сto» деп жазышкан. Тез жазууда аны «о/о» деп жазып коюшчу, кийин «» деп жазууга өтүшкөн. Башкача айтканда, t тамгасы кыйшык сызык менен алмаштырылган. Экинчи вариант: 1685-жылы Парижде Матье де ла Портанын «Коммерциялык арифметика боюнча жетектөө» деген китеби чыккан. Бул китепте пайыз жөнүндө сөз болгон. Ал убакта «pro centum`ду» кыскартып «cto» деп жазышчу. Терип жазуучу «cto» сөзүн «» деп туура эмес жазып койгон. Ошентип, туура эмес терип алуудан улам бул белги биздин жашообузга кирип калган экен.

 

€ – ЕВРОНУН БЕЛГИСИ

evroЕвро – Европа акча бирдигинин аталышы. деп белгиленет. Евронун символун жаратуу үчүн сынак жарыяланган. Сунушталган 10 символдун ичинен элдик сурамжылоонун натыйжасында экөө кабыл алынган. Бул белгилерден Еврокомиссия ушул белгини (€) тандап алган. Жеңип алган символдун авторлору 4 кишиден турган. Алардын ысымдары расмий түрдө аталган эмес. Расмий түрдө бул белгинин дизайнери катары Европа коомунун графикалык дизайнери болуп иштеген Артур Эйзенменгерди аташат. Символдогу Е Европа дегенди, ал эми эки сызык евронун туруктуулугун билдирип турат. 12-декабрь, 1996-жылы белги расмий түрдө элге тааныштырылган.