Ашкана сырлары

Ашкана сырлары

Аялзаты ашканасына бир күндө канча ирет кирип-чыгарын болжоп айтыш кыйын. Андыктан ашканага байланыштуу пайдалуу кеңештерди бай-бай берип туруу - биздин милдет.

 

 

1. Тооктун шорпосуна пияз менен сабизден башка эч кандай татымалдарды кошпоңуз, анткени даамын жоготуп коёт.

 

2. Шорпо бышкандан кийин лавр жалбырагын шорпонун ичине калтырбаңыз. Ал шорпонун ичинде көпкө турса даамын бузат.

 

3. Уруп жумшартылган этти кууруунун алдында уксус жана өсүмдүк майына чылап 1-2 саат тыныктырып алсаңыз, абдан жумшак болуп бышат.

 

4. Котлеттин фаршына бир аз куурулган пияз жана чийкирээк бышкан картошка кошуп койсоңуз, даамдуу, ширелүү болот.

 

5. Котлетти кууруп жаткан алгачкы мүнөттөрдө мештин отун күчтүү кылып койсоңуз, кабыгы катуу болуп, ширесин сыртка чыгарбайт. Андан кийин жай отко бышырып алыңыз.

 

6. Балыкты сүлгү менен жакшылап кургата сүрүп туруп куурусаңыз, сынынан бузулбай кыпкызыл болуп бышат.

 

7. Бышып жаткан шорпого бир нече козу карын кошуп коюңуз. Козу карынды канчалык майда туурап кошсоңуз, тамагыңыз ошончолук даамдуу болот.

 

8. Аарчылган чийки картошканын үстүнө көп эмес сүт куюп койсоңуз, карарбай турат.

 

9. Жазга калган эски картошкадан тамак жасаганда ага бир чай кашык уксус, 2-3 тишче сарымсак жана лавр жалбырагын же шорпо кошуп койсоңуз даамдуу болот. Картошка канчалык эски болсо, сууну ошончолук талап кыларын эсиңизден чыгарбаңыз.

 

10. Картошкадан жасалган пюрени кол менен эзген жакшыраак. Атайын картошка эзгич көрүнүшүн жакшы кылып койгону менен даамын жоготот.

 

11. Дрожж кошулуп жуурулган камыр жумшак болуп, көөп турушун кааласаңыз, картошканы сууга бышырып, муздаганда майда кыргычтан өткөрүп, кошуп жууруңуз.

 

12. Камырга ортосунда тешиги бар бир нече макарон сайып койсоңуз тез ачыйт.

 

13. Жууруп жаткан камырыңызга бир кашык коньяк кошуп койсоңуз, камыр көөп, үбөлөнүп турат.

 

14. Төө буурчактын карарбай бышышын кааласаңыз, бышырып жаткан учурда мискейдин капкагын жаппаңыз.

 

15. Бир нерсе кууруп жатканда май чачырабаш үчүн көмөч казандын ичине туз себелеп коюңуз.

 

16. Майонез кошулган ар түрдүү жана винегрет салаттарын столго коёрдун алдында азыраак лимондун кабыгы менен аралаштырып койсо өзгөчө жагымдуу даам берет.

 

17. Винегрет салатына жагымдуу даам бергенди кааласаңыз, ага бир аш кашык сүт жана чай кашык менен шекер упасын кошуп коюңуз.

 

18. Күрүчтү сууга бышырардын алдында муздак сууга чылап алсаңыз, бири-бирине жармашпай бышат.

 

19. Сүт бышканда идиштен ашып кетпеши үчүн алгач мискейге бир аз муздак суу куюп туруп, анан сүттү бышырыңыз.

 

20. Шорпонун чий көбүгү алынбай аралашып кетсе, бир стакан муздак суу куюп коюңуз. Чий көбүк бөлүнүп шорпонун үстүнө чыгып калганда алып коёсуз.

 

Динара Чокоева