Акча менен туура мамиледе болуу

Акча менен туура мамиледе болуу

Ден соолугуңуздун чың болушун каалайсызбы? Балдарыңыздын билимдүү болушун тилеп келдиңиз беле? Кыялыңыздагыдай жакшы эс алуунучу? Мунун баарын ишке ашырууга болот. Ал үчүн сиз акча менен болгон мамилеңизди туура жана бекем сакташыңыз керек. Бирок бул баарын акча ишке ашырып берет дегендик эмес. Акча алардын ишке ашуусуна тепкич гана болуп берет. Ар бирибизге керек болгон ал тепкичтин морт же бекем болушу ар бирибиздин колуңузда.

1-баскыч: Акча тууралуу туура ойлонуңуз

Бардык нерсе адамдын оюнун жакшы же жаман экенинен көз каранды экендиги далилденген. Бул эреже сиздин акча тууралуу ойлонууңузда да сакталат. Андыктан азыртан баштап “акча суудай эле агып кетет”, “акчанын берекеси кетип калды”, “деги бизге акча жукпай калды го” деген сыяктуу ойлордон мээңизди тазалаңыз. Булар “мен акчага абдан жолдуумун”, “акчаны баарына туура бөлүштүрүп жеткире алам”, “мени киреше булактары ээрчип жүрөт” деген сөздөр менен алмашышы керек. Абай салсаңыз, сиз кайсы топтогу ойлорду көп ойлонсоңуз, ошонусу ишке аша баштарын көп өтпөй эле сезе аласыз.

2-баскыч: Бай адамдай жашаңыз

Адатта биз байлык деп үйгө жыйнап койгон эмеректердин түрүн, кымбат идиш-аяктарды, өтө эле кымбат шам чырак, парда дегендерди ойлойбуз. Ал эми акча эрежесинде булар эч кандай байлык катары саналбайт. Сиз качан колуңуздагы акча менен апаңызга белек алып берип кубандырганда, балаңызга убада кылган нерсени аткарганда, сүйүктүүңүздүн керектөөсүн канааттандыра алганда байсыз. Ошондуктан сиз бул баскычта жансыз эмес, жандуу нерселер менен ырахаттанууну үйрөнүүңүз керек.

3-баскыч: Бөлүп сактоону билиңиз

Сөзсүз түрдө оңой менен жыртылбай, ачылбай турган копилкаңыз болсун. Аны “кара күнгө” деп атабай, максаттуу бир нерсеге арнап иштетиңиз. Болжогон маалда ичинде сиз күткөн сумма чыккандай кылып ага маал-маалы менен акча салып турууну унутпаңыз. Ал күн келгенде копилкаңыздан чыккан акча бекер келгендей кубаныч тартуулайт. Ал кубанычка жетүү үчүн ар кандай кырдаалдарда аны ачып пайдалана калууну ойлонбошуңуз керек. Ушул эле баскычта кайрымдуулукту кошо ала жүрүү керек. Мисалы, бир жума бою майда тыйындарды чогултуп кайыр-садака берип турганыңыз сизде жакшылык кылуу колуңуздан келерине ишеним жаралат.

4-баскыч: Арканды алыс таштаңыз

Акча тапкандардын басымдуу бөлүгү акча алары менен карызынан кутулууну, эч болбосо батирдин же ар кандай салыктардын акчасын берип салууну ойлонушат. Аны аткаруу менен акчасыз калышат да, кайрадан түйшүккө түшүшөт. Байкасаңыз, бул абал кулдукуна окшош. Демек, сиз кулсуз. Бирок сиз ошол эле маалда өзүңүзгө падыша да экениңизди унутпашыңыз керек. Башкача айтканда, “Кулча иштеп, байча ич” деген кепти эске алып акча колуңузга тиери менен алгач өзүңүзгө төлөңүз. Көп эмес, ай сайын колуңуздагы акчанын 10 пайызын гана. Эми ал акчаны бекем катыңыз да, ал тууралуу унутуңуз. Ал сиз 3-5, балким, 10 жылдан кийин колдончу акча. Арканды минтип алыс таштап акчаны акырындык менен чогултуп койбосоңуз, балдарыңыз кыялындагы окуу жайга кирем деген күнү кыйналып каласыз. Ал турсун, эгер окутпай койсоңуз, ата-эне катары билим берүү милдетиңизди аткара албай калганыңыз үчүн өмүр бою балаңызга карыздар болосуз.

5-баскыч: Өзүңүзгө төлөңүз

Эми алган айлыгыңыздын дагы 10 пайызын кийинки акча алганга чейинки эс алууңуз үчүн бөлүңүз. Жаныңызды карч уруп иштеген сизге эс алуу да жарашат. Бул эрежелерди калыптандырып, жайылтып келе жатышкан акча башкаруучулар эс алуунун бир гана ден соолукка пайдалууларын сунушташат. Мисалы, спорт клубдарына барыңыз, жаратылышка чыгыңыз, бийге катышыңыз, мончого барыңыз. Ушул жерде эске алуучу жагдай, эгер 7 миң сом айлык менен иштесеңиз, эч качан 1000 сомго эс алууну ойлонбоңуз. Сиздин айлык эс алууңуз - 700 сом.

6-баскыч: Туура сатып алууну билиңиз

Сизге керектүү бардык нерселердин: кийим, тиричилик техникалары, жуунуучу жана косметикалык каражаттардын баалары, аларга карата акциялар тууралуу жарнамаларга, жарнактарга көңүл бура жүрүңүз. Бирде болбосо, бирде арзан баада сатып алууга шарт түзүлөт. Бул аракеттен соң сатып алууга барганда арзандыгына эмес, сапатына карап тандап алууну билиңиз. Арзан оокатты эки жолу сатып алуудан көрө сизге узакка кызмат кыла турган сапаттуусун сатып алганыңыз оң. Ал эми жашаган аймагыңыздын кайсы жеринде азык-түлүк эң арзан сатыларын билиңиз да, бир айга жеткендей кылып алып коюуну адат кылыңыз . Бул ыкманы колдонсоңуз, акчаңыз менен катар убактыңызга да үнөм болуп, алгандарыңыз да берекелүү болот.

7-баскыч: Кирешеңиз көбөйсүн, чыгашаңыз бир суммада калсын

“Аз тапсам да кетет, көп тапсам деле кетет”. Бул сөздү бир нече адамдан уккансыз же өзүңүз ушуну айтып наалып жүрөсүз. Мындан кутулуу үчүн 5-баскычты мыктап аткарып, ага кеткен суммага жол кире, бирдик, коммуналдык төлөм, айтор, бир айлык пайдалуу чыгашаны толук эсептеп чыгыңыз. Бир айлык чыгашаны тактап, кийинки айда да ушул гана сумма кеткендей үнөм менен жашаңыз. Сиз өз үй, өз жайыңыз болуп бай адамга айланган күнү да чыгашаңыз ашкере болбой ай сайын бир гана суммада кармалууга тийиш. Андан ашкан акчаңызды максаттуу түрдө билим алуу, окуп-үйрөнүү, ден соолукту чыңдоо сыяктуу нерселерге кенен колдонуңуз.

8-баскыч: Акчалай жардам кылбаңыз

Ырас, жакындарыңызга өзүңүз жардам кылып, кам көрбөсөңүз, аны башка ким аткармак эле. Бирок сиз акчаны колуна санап берүү менен жардам кылсаңыз жаңылышасыз. Керек болсо бул жардамыңыз ал адамдын өз алдынча изденүүсүнө, ак эмгектин даамын татып, андан ырахат алуу деген эмне экенин билүүсүнө бөгөт коёт. Дени сак, акылы толук ар бир адам каражатты өзү табууга милдеттүү. Бул нерсеге үйрөнбөсө, сизден даяр акча алып көнгөн жакыныңыз ишиңиз жүрбөй же сыркоолоп акча таба албай калганыңызда айласы түгөнүп, абалдан чыгуунун жолун билбей стресс болот. Андай болбогон күндө да жалкоолук, сурануудан уялбаган, догурунган сапаттарды байкоосуз өзүнө калыптандырып алат. Ошондуктан ага даяр кармата салчу акчаны тил үйрөнүү курсуна төлөп берип котормочу болуп акча тапканга, ашпозчунун окуусуна төлөп берип ашпоз болуп акча тапканга үйрөтүңүз.

9-баскыч: Күрөө, насыя, көтөрмөгө акча алуу убактылуу абалдан куткарып, келечектеги абалды оорлотот

Чоң суммадагы акчага муктаж болуп зарыгып калган учур баарыбызда кездешет. Андайда акыркы жол күрөө, насыя, ар кандай пайыз менен көтөрмөгө акча алып туруу болуп калат. Бирок алардын баары убактылуу гана кырдаалдан чыгарып, андан аркы абалыңызды оорлотуп коёт. Анткени баалуу буюмдарыңызды күрөөгө коюу да, насыя да, көтөрмөгө алган акча да бергенин ашыгы менен өндүрүп аларын билсеңиз керек. Ошондуктан бул жолдор менен акча ала коюу, бере коюуну өнөр кылбаңыз.

10-баскыч: Карыз алуунун, карызга берүүнүн да эрежеси бар

Жогорудагы баскычтан сизди карызга акча алып туруу куткарат. Бирок аны да кылдат, жоопкерчилик менен пайдаланууңуз керек. Эң алды мындай кырдаалга кийин да кез болуп калууңуз мүмкүн экенин эске алып ишеничтен кетпей алган акчаңызды убагында кайтарып бериңиз. Ошондой эле карыздан кутулуп алганга чейин 5-баскычты убактылуу токтото туруңуз. Анан да үйүңүзгө жакын дүкөнгө карызга жазылып майда-барат алууну, ашканага дайыма карызга жазылып тамактанууну адат кылбаңыз. Жок жерден пайда болгон бул карызды ансыз да маянаңызды аларыңыз менен төлөп жатпайсызбы. Ошондуктан маянаңызды аларыңыз менен ошончо сумманы катып коюңуз да, акчасына эле алыңыз. Бул айланаңыздагылардын “карыз суранып басып жүрөт” деген оюн жоготуп, сизде акчаны башкара алам деген ишеничти жаратат. Ал эми сизден карызга акча сурагандарга ал сураган сумманын 70 пайызын гана бергениңиз туура.

11-баскыч: Талантыңыз менен кошумча киреше табууну билиңиз

Ар бир адамдын бир нерсеге болгон өзгөчө жөндөмү, таланты, эч болбоду дегенде тез өздөштүрүп алууга өзгөчө шыгы болот. Айлык акыны карап отурбай бош убактыңызда эмнеге таланттуу болсоңуз, ошону ишке салуу менен акча табууну билиңиз. Кайсы жөндөмүңүз менен акча табууга мүмкүн экенин азыр аныктап, азыртан киришкениңиз жакшы. Мисалы, чач жасалгалоого шыктуу болсоңуз, майрам күндөрү капчыгыңызды кошумча акчага толтуруңуз, токуганды билсеңиз, буйрутма алып иштеңиз, электр маселелерин жакшы чече алсаңыз, кошуналарыңызга кызмат көрсөтүңүз, өтүктү жакшы ултарсаңыз андан жакшы. Эң башкысы бар мүмкүнчүлүктү пайдалана билип, аны аткарууну намыс көрүп отурбаңыз.