Айымынызды ичимдик тандатып сынаныз

Айымынызды ичимдик тандатып сынаныз

Ар бир мырза өмүрүндө аялзаты менен таанышып, аны жок дегенде бир жолу жолугушууга чакырат. Бирок, айымдар абдан табышмактуу болгондуктан, биринчи жолугушууда эле аларды толук сындан өткөрө албашы бышык. Андыктан, эркектерге кеңеш: эгер биринчи жолугушууда эле айымыңыздын кандай экенин билгиңиз келсе, ага ичимдик сунуштаңыз. Ал эми ичимдикти тандоо мүмкүнчүлүгүн болсо жаңы таанышкан айымыңызга бериңиз. «Мага эмне ичээриңди айт, мен ким экениңди аныктап берем» дегендей, айымыңыздын ким экенинен кабар ала аласыз.

 Эгер айымыңыз пиво тандаса...

Анда, сиздин тилегиңизге каршы, төшөк кумарына батуу айымыңыздын оюнда да жок. Бирок, сиз ага адам катары жактыңыз. Ичимдиктерден пивону тандаган айымдар акылдуу, баарын билүүгө кызыккан, тамашакөй келишет. Алар менен төшөк мамилеси курулбайт, а бирок, ордуна жакшы достуу болосуз. Мындай аялдарды интеллектиңиз менен гана өзүңүзгө багындыра аласыз.

 

Эгер айымыңыз шампан тандаса...

Бул төшөк оюнуна макул болгонунун белгиси. Антсе да мындай аялдан сак болуңуз. Ал – башынан көп нерсе өткөргөн тажрыйбалуу айым. Ал сизден назик, кылдат жана романтикалуу мамилени күтөт. Ал эми өзү төшөк жаатына келгенде сизге салкын төшөк оюнун тартуулап коюшу толук мүмкүн.

 

Эгер айымыңыз арак тандаса...

Аракка жалгыз бой айымдар көбүрөөк ыкташат. Жаңы таанышкан айымыңыз аракты бир дем менен түбүнө чейин калтырбай ичип отурса, анда ал дайыма жанында болуучу туруктуу мырзага муктаж. Мындай аялдар күчтүү, көз карандысыз, чечкиндүү болушат. Бирок, мындай сапаттарын сыртынан билгизишпейт. Аларды муздак жана сезимсиз деп айтууга болбойт.

 

Эгер айымыңыз вино тандаса...

Булар мыкты турмуш мектебинен өтүп, көңүл ачууну билген айымдар. Төшөктөгү мамилесин билүү үчүн айымдын винонун кандай түрүн тандагандыгына көңүл буруш керек. Эсиңизде болсун, аял канчалык күчтүү винону тандаса, төшөктө ошончолук агрессивдүү. Тандаган виносу таттуу болсо, демек, төшөктө жумшак. Кыскасы, винонун түрлөрүн жакшы ажырата билген аял эркектерди да жакшы талдайт жана аларды колдоно билет. Төшөк оюнунун да бардык ыкмаларын бул айымдан үйрөнсөңүз болот. 

 

Эгер айымыңыз такыр ичпесе...

Ичимдиктен баш тарткан айымдын антүүгө бир нече себеби болушу мүмкүн. Биринчи себеп, ал такыр ичпейт. Экинчиден, же дары-дармек колдонуп, же машина айдап жүргөндүгү үчүн иче албайт. Үчүнчүдөн, алар жолугушуудан кийин бирге убакыт өткөрүүдөн сөзсүз баш тартат, анткени, ал кенедей кезинен бери турмушка чыкпай туруп жакын мамиледе болуу жаман нерсе деп ойлоп келет. Балким, сиз ага андай эмес экенин далилдеп бере аласыз, бирок, убактыңыз текке кетип калышы мүмкүн.

 

Эгер айымыңызга баары бир болсо...

Буларды төшөк оюнуна көндүрүү кыйын деле эмес. Бирок, сиз бул айым менен болгон төшөк оюнуна канааттанаарыңызга күмөн бар. Мындай аялдар менен жагымдуу убакыт өткөрөм деп күтүлбөгөн жерден татаал маселелерге туш болуп калсаңыз таң калбаңыз. Алар ичимдикти өздөрүн күчтүү сезиш үчүн ичишет, бирок, кээде ойлогондору ишке ашпай калат да, сизге арыз-муңун айтып берүүгө өтүшөт. Натыйжада, айымыңыз терс кыял-жоруктарын көрсөтүп, сиздин көңүлүңүздү ирээнжитиши мүмкүн. Андай айымдарга бир гана эркек керек, ал – психоаналитик.

 

Эгер айымыңыз сиздин тандооңузга ишенсе...

Ичимдик түрүн тандоону айым эркекке сунуштаса, бул анын ар кандай окуяларга даяр экенидигин аныктайт. Бирок, ал да кезегинде маңдайындагы адамдын кандай экенин билгиси келет. Мындай айымдардын жашоосунда маселе жок. Ичимдикти айым эмес, өзүңүз тандасаңыз, ал жөнүндө көбүрөөк маалыматты ала албай калаарыңызды эсиңизге салабыз.