Айымдарга кеңеш

Айымдарга кеңеш

Жүзүңүздү сактоонун камылгасы

 

-Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.

-Экинчи ээктен арылуу үчүн колдоруңуздун сырты менен (сол кол менен оңдон солду карай, оң кол менен солдон оңду карай) ээгиңизди ургулап массаж жасоо пайдалуу. -Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.

-Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча "дем алып", табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.

-Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.

 

Кош бойлуу учуруңузда өзүңүзгө кам көрүңүз

 

Аялзатынын дегеле ар бир үй-бүлөнүн бактысы бала экени ырас. Кош бойлуу учурда эненин ыйлаганы, күлгөнү, кубанганы, кайгырганы, айтор ар кыймылы курсакта жаткан түйүлдүккө түрдүү таасирин тийгизээрин эчак далилдешкен. Наристесинин дени-карды соо, психологиясы, аң сезими жайында болушун кайсы ата-эне гана тилебейт. Демек, наристеңиздин ден соолугу сиздин колуңузда экенин эске алып, бир нече кеңештерге көз жүгүртүп көрүңүз. Кош бойлуу айымдын эң негизгиси көңүлү жайында болуусу керек. Албетте, кош бойлуу кезде аялзаты өзгөчө ачуулуу, болоор болбос көрүнүшкө жинденип, сиркеси суу көтөрбөй калган учурлар кездешет. Мындай маалда өзүңүздү-өзүңүз алаксытып жашооңуздагы жагымдуу кездерди эстеңиз. Көп ачууланып, көңүлү чөгө берген айымдын баласы да ачуулуу, жини бат келген адам болуп чоңоёт.

 

Ичиңизде жаткан кичинекей периштеңиз менен сүйлөшүүдөн тартынбаңыз. Сиздин сүйлөгөнүңүз, музыка укканыңыз, күлүп жайдары маанайда жүргөнүңүз наристеге эң жакшы таасирин тийгизет.Ымыркай баардык көрүнүштөрдү курсакта жатса да сезээрин эске алуу керек. Окумуштуулардын далилдерине таянсак Бетховен менен Бромстын музыкасы наристенин "кан басымын" көтөрүп кыжырын кайнатса, Мауарт жана Вивальдинин чыгармалары ымыркайга жагымдуу маанай тартуулап, жакшы абалга алып келет. Бахтын музыкасын уккан түйүлдүк кыймылсыз ахыбалда болот. Наристе 32-33 жума болгондон тартып музыканы, башка добушту эң сонун ажыратып биле баштайт экен. Көпчүлүк энелер уюлдук телефондун зыяндыгын эске алышпайт.

Жөө басуу негизинен пайдалуу экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми кош бойлуу айымга бул "көнүгүү" эки эсе пайдалуу экен. Көбүнчөсү жөө басуудан чочулашат да ичи чоңойгон сайын кыймылын азайтышат. Медиктердин билдирүүсүндө көп кыймыл болочоктогу энелерге пайдасынан башка зыянын тийгизбейт. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш өтө тоюп алуу да кыйынчылыктарды жаратат. Эл арасында айтылып жүргөн кээ бир ырым-жырымдарга назар салсак, кош бойлуу айымдын курсагы сүйрү болуп чыкса эркек, тоголок болсо-кыз төрөйт деп болжолдошкон. Болочоктогу эненин басканынан да наристенин жынысын аныктай алышкан экен. Эгерде ал басаарда дайым алга оң бутунан кадам таштаса-кыз, сол бутун таштаса эркек төрөйт деп эсептешет.

 

Байыркы заманда кургакчылык учурунда кош бойлуу аялдын башынан ылдый суу куйса жамгыр жаап, мээни куйкалаган аптап мизинен кайта түшкөн. Бул ырымды өтө көп колдонушчу экен. Ал эми отургузулган кээ бир өсүмдүктөрдү (резка,кылча) аттап өтсө боюнан түшүп калат деп чочулашчу.

 

- Төрөт учурунда чачты оробоо керек, анткени төрөт кыйын болот.
- Караңгыга баланын кийимин калтырбаш керек, ымыркай таң атканча тынч уктабайт.
- Тили жакшы, так чыгыш үчүн балыктын этин бербөө керек…

 

Айтор ушул сыяктуу учугу түгөнбөгөн "уламыштарга" ишенип, ырым кармоодон мурда, сиз канчалык деңгээлде ырымга ишенээриңизди жана сиз менен наристеңиздин жашоосунда ырымдардын канчалык деңгээлде зарылдыгы бар экенин тактап алганыңыз оң.

 

Бийик таканы качан кийүү керек?

Мектеп жашындагы жана 10-11 жашка чейинки кыздардын такасынын бийиктиги 2 сантиметрден, 12-14 жашка чейинки секелектердин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпоосу туура. Ошентип отуруп 18-19 жаштан кийин гана өтө бийик такаларды кийүүгө ылайык экени адистер тарабынан далилденген. Кичине курактан баштап дароо бийик така кийүү ден соолукка өтө терс таасирин тийгизээри баарыбызга маалым.