"Агентте көп отургандарга"

"Агентте көп отургандарга"

«Агентте көп отурган жаштар бул ооруга чалдыгуусу мүмкүн»

Заман талабына ылайык элдин басымдуу бөлүгү компьютерде отуруп иштешет. Компьютердин канчалык зыяны бар экени бардыгына маалым болсо да ансыз иш алып баруу мүмкүн эмес. Бул жолу дал ушул компьютердин айынан пайда болгон оорулардын бири- «түнөл» оорусу тууралуу кеп кылабыз.

 

Түнөл оорусу кандай оору?

Түнөл-узак убакыттын аралыгында пайда болуучу колдун оорусу. Компьютердин чычканчасын (мышка) ар дайым оӊ кол менен кармап отурабыз. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бул илдет менен оӊ колдун билеги жабыркайт. Оорунун эӊ негизги себептеринин бири-билектин ортосундагы нерв системасынын ооруга чалдыгышы. Бул илдет алакан сөөгүнө туура эмес таасирлерди тийгизүүнүн негизинде пайда болот. Туура эмес таасирлерге: компьютерде колду эс алдырбай иштөө, оор жумуштарды ылгабай жасоо жана башка адаттар кирет.

 

Эмне себептен оору түнөл оорусу деп аталып калган?

Тарамыш чыканактан баштап билекке чейин келип, колдун манжаларына канал аркылуу өтөт. Ошол тогуз тарамыштын жанында бир чоӊ нерв өтөт. Тарамыш сезгенүүлөрдөн улам шишип, нервди кысып баштайт. Ошол каналчаларды түнөл деп аталат.

 

Түнөл оорусуна чалдыкканыӊызды кантип билсеӊиз болот?

Колду ийиндин тушуна чейин алып келип, эки колду бириктирип бир канча убакыт туруп туруӊуз. Эгерде колуӊуз жана манжалардын арасы талый баштаса, түнөл оорусунун башталышы бар деп эсептелинет. Буга кошумча оорунун белгилерин да сунуштайбыз.

 

- Алдын кетиши, кол сайгылашып ооруусу;

- Тартылуу, жагымсыз сезимдердин пайда болуусу;

- Бардык манжалардын бир убакта ооруп калышы;

 

Эгерде илдет өтүшүп кете элек болсо, аны үй шартында дарылап алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай дарылануунун максаты-жагымсыз адаттардан болушунча тезирээк арылуу жана ооруну басаӊдатуу болуп саналат. Күрөшүү канчалык ылдам жана эрте болсо, ооруну жеӊүү ошончолук ыкчам болоору талашсыз нерсе. Биринчиден компьютерде азыраак отурганга аракет кылыӊыз. Адистер ар кандай жумушту жасоонун алдында колго күч келтирбей, эс алдырып турууну сунушташат. Колдун талып ооруганын азайтуу үчүн, күнүгө эки маал алаканды муздак сууга салып 10-15 мүнөт кармап туруу зарыл. Нерв системаларынын эс алуусун камсыздоого дайыма укалап туруу да кошулат. Эгерде өз алдыӊызча дартты жеӊүү үчүн кылган иш-аракетиӊизден майнап чыкпаса, сөзсүз түрдө тийиштүү дарыгерлерге кайрылыӊыз. Кайдыгерликтен улам илдет өтүшүп кетсе, дарыгерлер хирургия жолу менен дарылоого аргасыз болушаарын эсиӊизге салабыз.

 

Илдетке чалдыкпаш үчүн:

 

- Спорт менен машыгыӊыз;
- Салмагыӊызды нормадан ашык да кем да алып жүрбөӊүз;
- Чылым чегүүдөн баш тартыӊыз;
- Жумуш ордуӊузду жана компьютердин баскычтарын ыӊгайлуу коюп алыӊыз;
- Ар бир эки саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруӊуз;
- Бардык ишти токтотуп 10 секунд болсо да, тынч отуруп нерв системаларын эс алдырыӊыз;
- Муштумду түйүп алып колду оӊ жана сол жакка 10 жолу айландырыӊыз;