Кыргыз элинин өзүнө мүнөздүү салт-санааларын үйрөнүп, билиш үчүн коомдогу үй-бүлөлүк мамилелерге токтолуу зарыл. Себеби ар бир кыргыздын үй-бүлөсүн баштан аяк ар кандай ырым-жырым, үрп-адат коштоп жүрөт. Баланын бойго бүтүшүнөн тартып, аны тарбиялоо, эрезеге жеткирип, үйлөнтүп-жайлантып, өзүнчө энчи бөлүп берүү, андан…