Журналист Сапанов төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды

Журналист Сапанов төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды

“Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жараткан" деп күнөөлөнүп жаткан кыргыз журналисти Зулпукаар Сапанов бүгүн төрт жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна анын жубайы Гүлбарчын Ибраева билдирди. Ал шаардык сотко апелляциялык арыз берилерин кошумчалады.
Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карады. Алгачкы процесс 5-июлда өткөн. Прокурорлор журналистти 6 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.
Журналист китепке көз каранды эмес эксперттер талдоо жүргүзбөгөнүн айтып, айыптоолорду “акылга сыйгыс” деп атап келет.
Быйыл февраль айында Бишкекте “Акыл эс, Ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев, теолог Кадыр Маликов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков журналисттин жазгандарына каршы пикирин айтып чыгышкан.
Бирок автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок, бул боюнча диндарлар атайын эле талаш-тартышты козутуп жатат деп айтып, өз максаты - кыргыз улутун биримдикке чакыруу экенин билдирген:
- Китептин эң негизги өзөгү - кыргызды бириктирүү. Кыргыздын санжырасындагы оң, сол, ичкилик деген бөлүнүүлөрүн бириктирүү максатында жазылган. Ошол жерде бизге Кыдыр атабыз өзөк болуп берерин айткам.
Зулпукаар Сапановго каршы кылмыш ишти Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети козгоп, тергөө жүргүзгөн.
Айрым адистер Сапановдун дин жана санжыра жааатындагы өз жоромолун эркин маалымдоого толук укугу бар деп айтууда
Кыргызстандын Башмыйзамы сөз эркиндигин тастыктаган, цензураны четке каккан беренелерге ээ.