Жумабеков этникалык кыргыздардын өкүлдөрүн кабыл алды

Жумабеков этникалык кыргыздардын өкүлдөрүн кабыл алды

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагына көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда алардын азыркы турмуш абалы, чечилбей келген көйгөйлөрү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, этникалык кыргыздарга “кайрылмандар” макамы берилген. Алар он жыл мурда көчүп келишкен. Бирок алардын так саны азыркыга чейин белгисиз. Кайрылман макамына ээ жарандарга жер участкасына ээ болуу, билим жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү кыйла жеӊилдетилген.

 

Кайрылмандар күзүндө өтө турган 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, өздөрүнүн сакталып калган каада-салтын, улуттук кийим-кечелерин көрсөтүүгө куштар экенин, бирок кайсы жакка кайрыларын билбей жатышканын айтышты.

 

Жумабеков жолугушууда айтылган өтүнүчтөрдү эске алып, аларды чечүү жолдорун караштыра турганын билдирди.